Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айтты


Алмазбек Атамбаев. 9-октябрь. Форум ишканасынын алды.
Алмазбек Атамбаев. 9-октябрь. Форум ишканасынын алды.

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу ал Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өткөн Кой-Таш окуясы боюнча сот процессинен кийин билдирди.

"Мага мандаттын кереги жок. Бирок "тизменин башына туруп бериңиз" деп суранып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатам. Катышсам дагы символикалуу түрдө гана катышам", - деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу иши боюнча камакка алынган. 2020-жылы июнда бул иш боюнча 11 жылга соттолгон. Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата соттун айыптоо өкүмүн 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Атамбаевдин парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу мындай деди.

"Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши тууралуу маалыматым жок. Мыйзамда соттун айыптоо өкүмү күчүндөгү адам шайлоого катыша албайт".

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев ишинен" тышкары дагы бир канча кылмыш иштери козголгон. Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча иштер. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG