Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Казакстандан Кыргызстанга кишилерди мыйзамсыз өткөрүүгө шек саналгандар кармалды


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети. (Архивдик сүрөт).
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети. (Архивдик сүрөт).

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу мыйзамсыз миграция агымын аныкташты. Бул боюнча эки кыргызстандык шек саналып, кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, баштапкы маалыматтар боюнча, 39 жаштагы жана 37 жаштагы жарандар Казакстандын жарандарын Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп турушкан. Алар кыргыз-казак чек арасынан кармалды.

Учурда бул иш боюнча тиешелүү иликтөө жүрүп жатат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Чу суусунан жарандарды жана жүктөрдү эки тарапка мыйзамсыз өткөрүп турган адамдар бар экени тууралуу мурдатан эле айтылып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG