Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:16

Коронавирустан каза болгондордун көбү Бишкек менен Чүйдө


Акыркы беш аптада бул оору 113 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Акыркы беш аптада бул оору 113 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин акыркы маалыматына караганда, коронавирустан каза болгондордун басымдуу бөлүгү Бишкек шаарын менен Чүй облусуна туура келүүдө.

Акыркы беш аптада вирус 113 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Бирок, июль айына салыштырмалуу өлүм саны эки эсеге азайды.

Бир айдан ашык убакыттын ичинде Бишкекте 61, Чүй облусунда 28, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын менен Жалал-Абад облустарында бештен, Талас менен Баткенде бирден киши COVID-19дун курмандыгы болду.

Ал эми Ош шаары менен Ош облусунда акыркы беш аптада өлүм катталган жок.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан бери каза болгондордун расмий саны 2602 ​адам. 27-сентябрга карата вирустан эки адам каза болду. 59 адамдан оору жаңы аныкталды. Жалпы ооругандар 178 258ге жетти. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG