Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Беларус абагындагы оппозициячыл активистке Гавел сыйлыгы ыйгарылды


Оппозициячыл активист Мария Колесникова Минскидеги сот залында, 6-сентябрь 2021-жыл.
Оппозициячыл активист Мария Колесникова Минскидеги сот залында, 6-сентябрь 2021-жыл.

Беларус абагында жаткан оппозициячыл активист Мария Колесникова Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (PACE) Вацлав Гавел атындагы сыйлыгынын лауреаты болду. Бул сыйлык Колесникованын бир тууганы Татьяна Хомичке ассамблеянын 27-сентябрдагы күзгү сессиясынын ачылышында тапшырылды.

"Колесникова тынч жана мыйзамдуу митингдерге каршы зомбулукту жана ырайымсыздыкты тандаган режимге каршылык көрсөтүү менен өзүнөн да чоң максат үчүн коопсуздугун тобокелчиликке салууга даяр экенин көрсөттү. Ал чыныгы кайратмандыкты көрсөттү", - деп билдирди Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын президенти Рик Дамс.

39 жаштагы Мария Колесникова былтыр президенттикке ат салышууну көздөгөн банкир Виктор Бабариконун штабын жетектеген. Бабарико камалгандан кийин Колесникова жана дагы бир саясатчынын жубайы Вероника Цепкало экөө шайлоого катышууга уруксат берилген жалгыз оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, аны алдыга сүрөшкөн.

Колесникова шайлоодон кийин да Беларуста калып, оппозициянын жүрүштөрүнүн башында турган. Аны 2020-жылдын 7-сентябрында Минскинин борборунда белгисиз беткапчан адамдар кармап кетишкен. Эртеси күнү аны Беларустан чыгарып жиберүү үчүн украин чек арасынан өткөрүүгө аракет кылышкан. Чек арадан ары чыгарып жиберерде Колесникова каршылык көрсөтүп паспортун тытып салган. Аны кайра Минскиге алып келип, түрмөгө камашкан. Анын үзөңгүлөшү, юрист Максим Знак дагы былтыр сентябрда кармалган.

Быйыл 6-сентябрда беларус соту Колесникованы 11 жылга, Максим Знакты 10 жылга абакка кескен.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы негиздеген Вацлав Гавел атындагы сыйлык жыл сайын адам укук коргоочуларга ыйгарылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG