Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Укук коргоочу Чупик өзүнө коюлган айыптарды "акылга сыйгыс" деп атады


Укук коргоочу Валентина Чупик
Укук коргоочу Валентина Чупик

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик эгер өзү төрөлгөн Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты. Москвада мигранттардын укугун коргогон "Дүйнө таңы" уюмун жетектеген Чупик мындай пикирин 27-сентябрда "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын айтып берген.

"Мага берилген документтерде мен [2006-жылы] качкын макамын алуу үчүн кайрылганымда [орус бийлигине] жалган маалыматты же жасалма документтерди бергеним айтылат элек. Мен муну толугу менен нонсенс (акылга сыйгыс)деп эсептейм", - деди Чупик.

Ал өзүнүн кармалышына борбор азиялык мигранттардын укугун коргогону жана Орусиянын миграция мекемелерин жана полициясын коррупцияга айыптаган сөздөрү себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Менимче, мен Өзбекстанга жөнөтүлө турган болсом, мени дароо Улуттук коопсуздук кызматынын жер төлөөсүнө камашат жана ал жерде акыры өлтүрүп коюшат", - деди укук коргоочу.

Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Ал Өзбекстандын жараны болгондуктан Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыккан. Ага чейин өзбек бийлиги Чупикке укук коргоо уюмуна келген эл аралык гранттын жарымын мамлекетке берүү талабын койгон эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG