Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Ашраф Ганинин "Фейсбуктагы" барагы хакердик чабуулга кабылды


Ооганстандын бийликтен кеткен президенти Ашраф Гани.
Ооганстандын бийликтен кеткен президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын бийликтен кулатылган президенти Ашраф Гани "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү баракчасын белгисиз бирөөлөр бузуп киргенин билдирди. Анын алдында Ганинин "Фейсбуктагы" барагында Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүн таанууга чакырган билдирүү пайда болгон эле.

"Доктор Мохаммад Ашраф Ганинин "Фейсбуктагы" расмий барагы кечээтен бери хакердик бузуп кирүү аракетине туш болду. Баракчага көзөмөл кайра орнотулмайынча андагы билдирүүлөрдүн баары эле жарактуу эмес", - деп жазды Гани "Твиттердеги" барагына.

Ганинин "Фейсбук" барагындагы "Талибандын" өкмөтүн таанууга чакырган билдирүү дагы деле алына элек. Бул билдирүүдө Ооганстандагы гуманитардык кризис сынга кабылып, ооган өкмөтүнүн чет өлкөдөгү эсептерине коюлган чектөөнү алып салуу чакырыгы да камтылган.

Мындай билдирүү 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Ооганстандын атынан ким сүйлөшү керек деген маселе талаш жаратып жаткан учурга туура келди.

Ашраф Гани 15-августта талибдер Кабулду курчоого алгандан көп өтпөй Ооганстандан чыгып кеткен. Анын талибдер менен саясий мунаса табылганга чейин качып кетиши Ооганстандын өзүндө да, эл аралык аренада катуу сынга кабылган. Кийинчерээк ал Бириккен Араб Эмираттарына келгени белгилүү болгон.

Гани Кабулда кан төгүүнүн алдын алуу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин айтып, "ооган президенти өзү менен кошо миллиондогон доллардай нак акчаны алып кетти" деген маалыматты четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG