Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Мигранттарды коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?


Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Орусияда мигранттардын укугун коргогон Валентина Чупик 25-сентбярда Москванын Шереметьево аэропортунан кармалды. Укук коргоочу Армениядан учуп келгенден кийин ага чек арадан кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан.

Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик Өзбекстандын жараны. Ал 1990-жылдары Орусияга барып, качкын макамын алган. Өткөн ишембиде Армениядан учуп келгенден кийин чек арадан токтотуп, качкын макамынан ажыраганы тууралуу билдирме берип, 30 жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганын айтышкан.

Чупик кармалганын тууралуу кабарлап, чек арадан берилген документтин фото көчүрмөсүн жөнөтүүгө үлгүргөн. Бирок андан кийин аны менен менен байланыш үзүлгөн.

Дүйшөмбүдө "Настоящее время" телеканалы укук коргоочу менен байланышып, анын абалын сурады. Укук коргоочу аэропорттон кандайча кармалганын айтып берди.

Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

"Мага берилген документтерде мен [2006-жылы] качкын макамын алуу үчүн кайрылганымда [орус бийлигине] жалган маалыматты же жасалма документтерди бергеним айтылат элек. Мен муну толугу менен нонсенс (акылга сыйгыс)деп эсептейм", - деди Чупик.

Ал өзүнүн кармалышына борбор азиялык мигранттардын укугун коргогону жана Орусиянын миграция мекемелерин, полициясын коррупцияга айыптаган сөздөрү себеп болушу мүмкүн деген ойдо.

"Мени атайын кармоочу жайга алып келип, ФСБнын бир кызматкери сүйлөштү. Ал эмне үчүн мындай болгонун такыр түшүнбөгөнүн айтып таң калды. Бирок кийин башка бирөө келип, "Бул сиздин жүрүм-турумуңузга байланыштуу" деди. "Сиз Ички иштер министрлигинде системалуу коррупция бар деп айткансыз, дайыма мигранттардын укугун коргоп жүрөсүз. Ал эми Москванын, Санкт-Петербургдун полиция кызматкерлеринин баары сизге арызданышат" деп айтты".

Өзбекстандын жараны Чупик Армениядан учуп келгенден кийин ага чек арадан кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан.
Өзбекстандын жараны Чупик Армениядан учуп келгенден кийин ага чек арадан кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан.

Укук коргоочу абалы канааттандырарлык экенин, эки күндөн бери ал отурган бөлмөнүн жарыгын өчүрбөй коюшканын, бүгүн гана жарыкты өчүрүшүп, көзү бир аз эс алганын айтты. Учурда Чупик өзү жалгыз бир бөлмөдө отурат. Жакын арада Өзбекстанга депортацияланса, ал жакта кыйноого кабыларын жашырган жок.

"Өзбекстанга жөнөтүлө турган болсом, мени дароо Улуттук коопсуздук кызматынын жер төлөөсүнө камашат жана ал жерде акыры өлтүрүп коюшат", - деди укук коргоочу.

Валентина Чупиктин мындай кооптонуусунун жөнү бар. Анткени мындан көп жыл мурун Өзбекстандагы кысымдан, коркутуулардан качып, Орусиядан баш калка сураган. 2015-жылы Өзбекстанда бийлик алмашканда "мекенине кайтам" деп туруп, коопсуздугунан улам барбай калган.

"2015-жылы бийлик алмашкандан кийин Өзбекстанга кетериме терең ишенгем. Эч качан Орусиянын жараны болгум келген эмес, дайыма мигранттарды укугун коргойм дегем. Мекениме эми жөнөйм дегенде, ал жакта "өлтүрүп кетиши мүмкүн" деп айтышты. Ошондон кийин токтоп калдым. Эми азыр барсам, анда абдан кооптуу нерсе болуп кетеби деп корком",-дейт Чупик.

Активист менен Москвада чогуу иштешкен кыргызстандык юрист Гулиза Акматсияева Чупикти мигранттардын укугун коргоого келгенде ичкен ашын жерге койгон кесипкөй деп сыпаттады.

"Мен Валентина Чупик менен ыктыярчы болуп иштешкем. Ал ишин абдан жакшы билген профессионал. Миграция мыйзамдарын ийне-жибине чейин билет. Мен аны менен иштешип чоң тажрыйба алганыма кубанычтамын. Чын эле Валентинадан көп нерсе үйрөндүм, ага ыраазымын. Бирок мындай кесипкөй кишини табыш кыйын эми",-дейт Гулиза.

Активист Александр Ким.
Активист Александр Ким.

Дүйшөмбүдө Валентина Чупиктин Москвада жашаган 84 жаштагы апасынын үйүндө полиция тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу Чупиктин санаалашы Александр Ким "Новая газета" басылмасына билдирди.

"Валентинанын батиринде анын 84 жаштагы оорулуу апасы жашайт. Ал жерге полиция кызматкери келип тинтүү жүргүзүп жатат. Алар Валентинанын документтерин сурап жатышат".

"Тонг Жахони" (Дүйнө таңы) уюмунун юристи Чолпон Сатибаева Валентина Чупиктин 84 жаштагы апасы Любовь Коденцова менен байланышканын, бирок үйдү тинткени келген полиция кызматкерлеринен кооптонуп жатканын "Азаттыкка" айтып берди.

"Мен Валентина Чупик 24-сентябрда кармалгандан бери апасы менен байланышта турдум. Анын майыптыгы бар. Биз короосун жаппай эшикти ачык турсун дегенбиз. Ошондон пайдаланып полиция кызматкерлери кенен текшерип, бир нерсе издешиптир. Бирок эмне документ издегени белгисиз. Биз Валентинанын санаалаштары, анын батирине бир нерси таштап, жалаа жабылбасын деп кооптонуп турабыз."

Чолпон Сатибаева жана Любовь Коденцова.
Чолпон Сатибаева жана Любовь Коденцова.

Валентина Чупик Орусиядагы эмгек мигранттарына акысыз жардам көрсөтүүчү "Тонг Жахони" уюмун көптөн бери жетектейт. Укук коргоочунун кесиптештери ал жарандык активдүүлүгү менен орус бийлигине жакпай калды деген пикирде. Москва Чупикти Ташкентке кайтарса, куугунтукка жана кыйноого кабылышы ыктымал деп кооптонуп турушат. Андыктан алар укук коргоочуну үчүнчү өлкөгө чыгаруу зарылдыгын белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG