Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Тамеки жана никотин кесепеттеринен коргоо мыйзамына кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров тамеки жана аэрозолдун зыяндуу кесепеттеринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

"Мыйзам бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталган", - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2021-жылдын 29-июлунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСCУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын реализациялоого багытталган.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25 пайыздан ашыгы тамекиге көз каранды экенин маалымдаган. Эки жыл мурдагы статистикада чылым тарткандардын 48,2% эркектер, 2,7% аялдар түзгөн.

Дарыгерлер тамеки колдонуудан өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар, каза болгондор да көп экенин айтып келишет.

Тамекиге чегүүгө каршы мыйзам алгач 2019-жылы сунушталып, бир катар ишкерлердин нааразылыгын жараткан. Ушул эле жылы январь айында күчүнө кирген “Мыйзам бузуулар боюнча кодекске” ылайык, билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттык сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чегүүгө тыюу салынган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG