Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашыгы тамекиге көз каранды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25 пайыздан ашыгы тамекиге көз каранды. Саламаттык сактоо министрлигинин 31-май - тамекиге каршы күрөшүү күнүнө байланыштуу тараткан маалыматына караганда, чылым тарткандардын 48,2 пайызын эркектер, 2,7 пайызын аялдар түзөт.

Тамеки колдонуудан өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар, каза болгондор да көп.

Жыл сайын белгиленип келген тамекиге каршы күрөшүү күнү быйыл Кыргызстанда "Чылым жана өпкөнүн саламаттыгы" деген ураандын алдында өтүп жатат. Анын алкагында тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG