Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт


Троллейбус. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Троллейбус. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы - 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы - 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Ушул тапта муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы - 8 сом, ал эми маршруттук таксилерде жана менчик автобустарда жол кире - 10 сом. Пенсионерлер саат 9:00-17:00 аралыгында 5 сомдон төлөшөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG