Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Куралдуу жаңжалдан кийин Баткенге чогулган каражаттын жарымы иштетилди


Маруфхан Тулаев
Маруфхан Тулаев

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин элден чогулган 120 млн. сомдой каражатты сарптоо үчүн атайын комиссиянын чечими менен 60 млн. сомго жакыны сарпталды.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, чек ара чырынан кийин атайын эсепке ар тараптан гуманитардык жардам катары чогулган каражатты сарптоо үчүн бекитилген жобо бар.

Ал жобого ылайык ушу күнгө чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын жетекчилиги алдында макулдашылган багыттарга каражат сарпталган. Алардын ичинен Максат айылынын кире беришине арка, ушул эле айылга таза суу, ички жолдор менен түнкү жарыктандырууга жумшалган.

Баткен облусуна жардам иретинде чогулган 120 млн. сомду кайда сарптоо боюнча облустук атайын комиссия бул каражатка жаңжал болгон ар бир айылга бирден социалдык объект курууну сунуштаган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG