Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазарын 27-сентябрда билдирген. Ошол күнү Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, президент "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинин ыйгарган.

Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна инвестициялар министринин милдетин аткаруучу болуп, анын орун басары Нурадил Баясов дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты. Баясов мурда өкмөттүк аппараттын инвестиция, ишкерлик жана экономика бөлүмүндө сектор башчы болуп иштеп жүрүп, 26-июлда инвестиция министринин орун басарлыгына дайындалган.
Сентябрь айынан бери кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун кыргыз тарабын жетектейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри болуп февраль айында дайындалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG