Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Венгрия газ келишими боюнча Украинанын сынына жооп берди


Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто.

28-сентябрда Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын элчисин чакыртып, Киевдин Москва менен Будапешттин ортосундагы жаңы газ келишимин сындаган билдирүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылды. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто "Фейсбукка" жазды. Ал Украинанын билдирүүсү Венгриянын суверендүүлүгүнө шек келтиргенин айтты.

27-сентябрда Венгриянын энергетика тармагындагы MVM компаниясы Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы менен Будапештте 15 жылдык жаңы газ келишимине кол койгон. Ага ылайык, Орусия "Түрк агымы" жана Түштүк-Чыгыш Европадагы башка газ куурлары аркылуу Венгрияны 1-октябрдан тарта көгүлтүр отун менен камсыздай баштайт.

Мындай келишим иштеп баштаса, Украина газды өз аймагы аркылуу өткөргөнү үчүн алып келген транзиттик төлөмдөрдөн ажырайт. Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул келишим "экономикалык жактан негизи жок, таза саясий макулдашуу" деп мүнөздөгөн. Ошондой эле Киев бул келишим "Украина менен Европанын энергетикалык коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизерин" эскертип, бул макулдашуу Европанын энергетикалык мыйзамдарына канчалык шайкеш келерин териштирүү үчүн Еврокомиссияга кайрыларын белгилеген.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Украинанын бул сынын "достукка жатпаган кадам" деп мүнөздөдү.

Жаңы газ келишимине ылайык, "Газпром" Венгрияга жылына 4,5 миллиард куб метрдей жаратылыш газын берет. Бул Венгриянын бир жылдык газ керектөөсүнүн жарымын түзөт. Соңку макулдашуу боюнча Европа Биримдиги комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG