Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Түндүк-түштүк автожолунун 2-фазасы аяктоодо


"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.
"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.

Бишкек - Ош жолуна альтернавтивдүү "Түндүк-түштүк" автожолунун 2-фазасы аягына чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, жолдун 2-фазасына асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат:

"Биринчи көпүрөнүн узундугу - 1 чакырым, экинчиси 400 метр. Жыл аягына чейин эки көпүрө тең курулуп бүтөт".

Асаналиевдин маалымдашынча, Азия өнүктүрүү банкы "Түндүк-түштүк" альтернативдүү жолунан тышкары Балыкчы - Кочкор жана Кочкор - Эпкин жолдорун да куруп жатат.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда,"Түндүк-түштүк" автожолун куруу иштери үч фазага бөлүнгөн. Биринчи фазасын 2022-жылдын ноябрында аяктоо пландалууда. Экинчи фазасы келерки жылы бүтөт. Ал эми жыйынтыктоочу иштер 2023-2024-жылдары аяктайт.

2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя, анын 560 миллиону өздөштүрүлгөн.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG