Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-сентябрь күнү Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы келин эки кызы менен түшүп кеткен. Кыздардын бири үч жашта, кичүүсү бир жашта болгон. Жергиликтүү эл келин менен улуу кызын куткарып алышкан. Кичүү кызынын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда сууга түшкөн жерден 1,5 чакырым аралыкта табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ымыркайды издөө ишине ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышты.

Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG