Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Түндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткылады


БУУнун Баш катчылыгы Түндүк Кореяга өзөктүк куралдарды сыноо үчүн атууга тыюу салган.
БУУнун Баш катчылыгы Түндүк Кореяга өзөктүк куралдарды сыноо үчүн атууга тыюу салган.

Жапониянын Коргоо министрлиги бүгүн, 28-сентябрда Түндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткылаганын жарыялады.

Бул шектүү чабуул Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Ким Сонг Нью-Йорктогу Башкы ассамблеяда "эч ким өзөктүк куралды сынаганы үчүн айыптай албайт" деп айтканынан кийин ишке ашты.

"Биз тек гана улуттук коргонуу тутумубузду бекемдеп, өлкөнүн коопсуздугу менен тынчтыгын камсыз кылууну көздөйбүз", - деген Ким Сонг.

Эгерде снаряд баллистикалык ракета экени тастыкталса, бул быйылкы жылы үчүнчү жолу атылган болот. 15-сентябрда Түндүк Корея Жапон деңизинде кыска аралыкка учуучу эки ракетасын сыноодон өткөргөн. БУУнун Коопсуздук Кеңеши КЭДРге баллистикалык ракеталарды сыноого тыюу салган. Пхеньян болсо 2017-жылдан бери баллистикалык ракеталарды сынабаганын айтып келүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG