Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Түркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалды


Түркмөн активисти Дурсолтан Таганова.
Түркмөн активисти Дурсолтан Таганова.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келаткан түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова өзү жашаган Түркиянын Стамбул шаарында кармалды. Бул тууралуу Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору 27-сентябрда билдирип, активист Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүндүгүн эскертти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда түрк полициясы Таганованын Стамбулдагы үйүнө келип кеткен. Бирок активист үйүндө болбогондуктан укук коргоо кызматкерлери анын коңшусуна Таганованы полиция бекетине келип кетүүгө чакырган буйрукту таштап кетишкен. Аны улай активист полиция бөлүмүнө келгенде кармалып, депортация борборуна жөнөтүлгөн.

Телеграмдагы Turkmen.news каналы Таганованын түрк тилинде сүйлөгөн видеосу жарыялады. Анда активист Түркмөнстанда жарандык эркиндиктин камсыздалышын талап кылган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жайгаштырганы үчүн эле депортация коркунучуна кабылып жатканын айткан.

"Бул менин акыркы видеом болушу мүмкүн. Мекендештер, эмнеси болсо да күрөштү уланкыла. Коркпогула", - деп айтты активист.

2020-жылдын июль айында Дурсолтан Таганова баштаган ондогон түркмөндөр Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган акция өткөрүшкөн. Түрк полициясы бул акцияда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова ошол жылдын октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын Түркиянын бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG