Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан алгачкы аял талапкер катталды


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 28-сентябрда маалымдаганы боюнча, бир мандаттуу округдардан өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин саны 40 адам болду. Алардын арасында алгачкы аял талапкер - Юлия Лилиенталь №13 Сузак округунан ат салышат. БШКнын маалымдашынча, ушул эле округдан өзүн көрсөткөн талапкерлердин арасында азыркы депутат Тазабек Икрамов да бар.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу система менен ат салышууну көздөгөн жарандар 18-октябрь саат 18:00 чейин тиешелүү документтерин өткөрүүгө тийиш.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54тү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG