Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:54

Дары-дармек мафиясы, көзөмөлдөнбөгөн баа саясаты


Кыргызстанда 6000ден ашуун дары-дармек катталган.

Атайын кызмат саламаттык сактоо тармагындагы системалык коррупцияны аныктаганын жарыялады. УКМК фармацевтикалык компаниялардын кеңсесинде жана кампасында тинтүү жүргүзгөн.

"Фармацевтикалык мафия"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын жарыялады. Ал бул тууралуу 25-сентябрда Алай районундагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына барган жерде айтты.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Кечээ эле мага Кыргызстанда фармацевтикалык мафия бар экенин айтышты. Биздеги дарылар үч эсе кымбат баада, айрымдары кээде он эсе кымбат сатылат экен. Мунун баары атайын уюштурулуп, фарммафияда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер катышыптыр. Биз алардын бетин ачтык. Эми дүйшөмбүдө коомчулукка кенен маалымат беребиз".

УКМК дүйшөмбү күнү, 27-сентябрда маалымат таратып, Кыргызстанга дары ташыган компаниялар бааны жасалма жол менен кымбаттатып, аны ооруканалар аркылуу бейтаптарга таратканын билдирди. Атайын кызмат фармацевтикалык компаниялардын кеңсесинде жана кампасында тинтүү жүргүзүп, экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер табылганын жарыялады.

“Ошол эле учурда, бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен, салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды. Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири "А.В." аттуу жаран кармалды”,-деп жазылат УКМК тараткан маалыматта.


УКМК кайсыл компаниялардын кампасын тинтүүгө алганын, камалган жарандын толук аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. Бирок шектүүнүн атайын кызматтын тергөө абагына камалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту соңку аптада фармацевтикалык компанияларга байланыштуу бир эле иш каралганын айтып, төмөндөгүдөй маалымат берди:

"Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү В.Афандиевге карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 23-ноябрь күнүнө чейин тандалды".

УКМК фарммафияга мамлекеттик кызамткерлер, көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрү кириптер болгонун, анын айынан ири өлчөмдөгү салык төлөнбөй калганына да токтолгон. Өлкөдөгү дарыларды көзөмөлдөө жана сатууга уруксат берүүнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ишке ашырат.

Министрликтин орун басары Жалалидин Рахматулаев дары менен камсыздоо мыйзамдын негизинде гана жүргүзүлө турганын билдирүүдө.

Жалалидин Рахматулаев
Жалалидин Рахматулаев

“Конкреттүү бир далил болсо, ачык айтылат эле. Бизге эч кандай маалымат келген жок. Кайсы бир дарыгердин, же оорукананын аты аталган жок. Тергөө жүрүп жатса керек. Биз дары-дармек менен камсыздоону Мамлекеттик сатып алуу мыйзамы менен жүргүзөбүз. Ал жерде фармкомпаниялардын тиешеси болушу мүмкүн эмес. Биз эч нерсе деп айта албайбыз”.

Бир эле товар, эки башка баа

Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Шадыманов дарыканалардагы баага нааразы болгон жарандардын бири. Ал өткөн жумада бутун кокустатып алып Бишкектеги Травмотология жана ортопедия борборуна барган. Жыйынтыгында эластикалык бинтти дарыгер жиберген дарыканадан 400 сомго сатып алган. Бир күндөн кийин ошол эле товардын баасы 150 сом экенин билген.

"Мени караган дарыгер "кире бериштеги дарыканадан бинт алып келе кал" деди. Барсам 400 сом дейт. Мага экөө керек болчу. Акчам жетпей бирди эле алгам. Бутуң ооруп жатса кантип албай коесуң? Үй жактагы дарыканага барсам ошол эле бинт 150 сом турат экен. Бир эле товардын эки башка баасына аябай таң калдым. Ачуум да келди".

Бейтаптар муктаж болгон дарылардын 3% гана Кыргызстанда жасалып, калганы Орусия, Индия, Германия жана Түркиядан келет. Кыргызстанга 2020-жылы 20 миллард 839 миллион сомдун дарысы келген. Быйылкы жылдын алты айында 6 миллард 855 миллион сомго дары импорттолду. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектин баасына толук таасир эте албайт. Мекеменин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу департементинин директору Тимурлан Кысанов:

"Жакында эле өкмөттүн №570 токтому чыккан. Ага ылайык жеңилдетилген баа менен бериле турган жана коронавируска тиешелүү дарылардын тизмесин түзүп, баасын аныктаганы жатабыз. Алардын саны бир миңге жетет. Ушундай жол менен бир катар дарылардын баасын аныктасак болот. Ар бир бейтап тиркеме аркылуу дарынын баасын билип алса болот. Бирок баардыгына кийлигишүү мүмкүн эмес. Анткени кээ бир компаниялар бизге дары ташыбай коюшу толук мүмкүн",-дейт.

Тимурлан Кысанов атайын тиркеме качан ишкер кирерин так айта алган жок. Бул мекеме бир нече жылдан бери дарылардын электрондук маалымат базасын түзө албай келет. Ал ишке ашса анда дарынын жасалган жеринен баштап, бейтап колдонгонго чейинки жолун билип алса болот.

"Баа башкы маселе эмес"

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

"Гепатитке жол жок" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургазы Батырбеков алгач бааны эмес, дарынын сапатын жөнгө салуу керек деп эсептейт.

"Камчыбек Ташиев дарылар 10 эсеге чейин кымбат сатылып жатканын айтып жатат. Бирок бизде бааны көзөмөлдөй турган мыйзам жок. Аларды кантип жоопко тартышат? УКМКнын кадамы популисттик иш болду деп эсептейм. Алар 50-60 миң сом айып менен чыгып кетиши толук мүмкүн. Көзөмөлдөй турган жобо жок болгондон кийин каалаган баага сатышат. Аны эч ким тыя албайт. Андан көрө аткезчилик жол менен келген сапатсыз дарыларга көңүл буруш керек. Күнүгө Кыргызстанда тонналап дары кирип жатат. Алардын каяктан, кандай шартта жасалганын эч ким билбейт. Элдин саламаттыгын талкалап жатабыз".

Нургазы Батырбеков фармацевтика бизнесине бийликтеги адамдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, медицина тармагындагы кызматкерлер аралашканын айтып келет. Андыктан дары-дармек жаатындагы башаламандык жакын арада тартипке келерине ишенбейт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG