Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

Сарык жуккандар дарыга жетпей кыйналды


Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы нааразылык акциясы.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы нааразылык акциясы.

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Министрликтин алдына чогулгандар 50 кишиге жеткени айтылып жатат.

Нааразылык акциясына чыккандар дары-дармекти мамлекеттин каржылоосу менен бейтаптарга жеткирип берүүнү жана баа саясатын көзөмөлгө алууну талап кылып жатышат.

Бейтаптардын айтымында, баш калаада үч миң сомго сатылып жаткан дарынын баасы аймактарда алты миңге чейин чыгып жатыптыр.

Ош облусунан келген Анипа Надирова чек аралар жабылганына байланыштуу дары-дармекке жетүү кыйындап жатканын айтты:

«Буга чейин биздин дары-дармектер Индиядан келчү. Азыр бардык жолдор жабылды. Адамдардын көпчүлүгү дары жоктугунан каза болуп жатат. Алыс барбайын, өзүмдүн гепатит менен ооруган таякем бир күн мурда көз жумду. Мындан тышкары бир туугандарымдын жетөө гепатит менен ооруйт. Министрликке эртең менен сегизде 100дөй киши келгенбиз. Бирок бейтаптардын көбү чыдап тура албайт экен, кетип-кетип отуруп 50дөй киши калдык. Бизди «карайбыз, чечебиз» деген жооптор менен эле алдап жатышат».

Гепатит менен ооругандар ар дайым вируска каршы дары ичип турушу керек. Бейтаптар болжолдуу эсеп менен бир айда 30 миң сомдун дарысы керектелерин айтып жатышат.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттө иштеп турган август айында эле боор илдетине чалдыккандарды керектүү дары-дармек менен камсыз кылууга убада берген. Аткаруу бийлиги Индиядан баасы үч долларлык дарыны алып келүүгө шарт түзүп бермек.

Бирок ал дары-дармектер Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин каттоодон өтө элек. «Гепатитке жол жок» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургазы Батырбеков өлкөдө сатылып жаткан дарылардын баасы кымбат экенине нааразы.

«Анализдер абдан кымбат. Боор алмаштыруу үчүн чет өлкөгө чыгуу да кыйындап турат. Кыргызстанга дары кирбей жатат. Дарыканада сатылып жаткандары абдан кымбат. Алар болушунча кошуп сатышууда. Мамлекет убада берген үч долларлык дарыны 200 долларга алып келип жатабыз. Биз «кымбат экен» деп дарыдан баш тартып коё албайбыз да. Гепатит менен ооругандардын көйгөйү абдан көп. Бирок өкмөт тарабынан эч нерсе чечилбей жатат».

Коронавирус пандемиясынын шартында гепатит менен ооругандар үчүн ооруканалардан дарылануу кыйындай түшкөн. 11-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин алдына чогулгандар Бишкектеги ооруканалардын бирин гепатит менен ооругандарга даярдаш керек экенин да айтышты.

Мындан тышкары министрликтин алдына чогулгандар жеке менчик клиникаларды, сулуулук салондорун текшерүүгө тыюу салган мораторийди алып салууга чакырышты. Буга ушундай жайлардан гепатит жугузуп алгандар көп экенин жүйө келтиришти. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда боор ооруларына чалдыккандар 300 миңден ашып түшөрү айтылып келет.

Бейтаптардын талабына Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов мындай жооп берди:

«Өкмөт деле болгон акчасын медицина тармагына жумшап жатат. Биз ал каражаттарга келген акчанын баарын коронавирус менен күрөшүүгө жумшап жатабыз. Коронавирус пандемиясы басаңдай түшсө эле силердин маселени чечкенге аракет кылабыз. Бизде дары чыкпаганына байланыштуу башка мамлекеттерден көз каранды болуп жатабыз. Доллардын курсунун көтөрүлүшү, пандемия жана өлкөдөгү саясий абал азыркы кыйынчылыктардын башкы себеби болуп турат».

Ал арада Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, соңку бир жумадан бери вирус жуккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 500 кишиден азая элек. Коронавирустун жугушу кайра жанданган сентябрь айынын акырынан бери ал илдеттен каза болгондордун расмий саны 120 адамдан ашты. Адистер коронавирустун экинчи толкуну күчөгөн убак 15-20 күндөн кийинки учурга туш келерин болжоп жатышат.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда COVID-19 менен күрөшүүгө колдонула турган дары-дармектин запасы боюнча мындай маалымат тараткан:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Кыргыз өкмөтү дары-дармектерге, жеке коргонуу каражаттарына жана медициналык мекемелердин кадрлар менен камсыздалышына өзгөчө көңүл бурууда. Алдыдагы эки-үч айга жеткидей дары-дармек запастары бар, кезегинде ал толтурулуп турат. Мындан тышкары, республика боюнча дары-дармек каражаттары рыногундагы абал көзөмөлгө алынган. Аларга карата жасалма баалардын көтөрүлүшүнө жол берилбеши керек».

Антсе да жарандык активисттер кыргыз өкмөтүнүн даярдыгынан шек санап жатышат. Коронавирустун биринчи толкунунда жакындарын жоготкондор июль-август айларындагы өлүм-житимге себеп болгон кемчиликтер толугу менен жоюлбаганын билдиришти.

Айболот Айдосов.
Айболот Айдосов.

«Эсиңизде болсо, жай мезгилинде КТ жетишпей, адамдар түндөп кезекте турушкан эле. Ошол маалда өкмөт ал аппараттарды алып келе турганын айткан. Бирок бул убада ишке ашкан жок. Мурдагыдай кезек күтүү акырындык менен байкала баштады. Мындан тышкары көп адамдын өлүмүнө жол бергендер жоопкерчиликке тартылган жок. Эгер ушундай боло берсе экинчи толкун учурунда да өлүм-житим көп болушу мүмкүн», - деди жарандык активист Айболот Айдосов.

Кыргызстанда илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 360 адамды түздү. Анын 55 306сы айыкканы айтылды. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1188 кишиге жетти.

"Азаттыктын" архиви: Сарык кыскарткан өмүрлөр.

Сарык кыскарткан өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:02 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG