Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Бейтаптардын башын кошкон бирикме бийликке сунуш берет


Оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бейтаптардын үнүн бийликке жеткирип, алардын муктаждыктарын чечүүгө салым кошуу максатында "Бейтаптардын жамааттык бирикмеси" уюму түзүлдү.

Бир катар уюмдардын башын кошкон бирикме эми тийиштүү мекемелерге сапаттуу дарылануу, вакцина, ооруну алдын алуу, мыйзамдарды оңдоо сыяктуу сунуштарды берип турушат. Кыргызстанда медицина тармагы реформага муктаж экени айтылып, дарыгерлердин ишине нааразы болгон бир канча учур катталган.

24 жаштагы Кайрат гемофилия оорусу менен жабыркайт. Учурда оорусуна байланыштуу үй оокаттарын тың жасай албай, муундары ооруй турганын айтып берди. Убагында жакшы дарыланып, дарыгерлер дартты эртерек аныктаса "жакшы болуп кетмек белем" деген ойдо.

"Меники гемофилия Б, оор түрү. Оорунун 3-4 түрү бар. Меники оор түрү болуп калды. Бала кезде дары аз болгондуктан азыр тизем, муундарым ооруйт. Гемофилия бейтаптарынын көбүндө тизеси артроз, муундары толук бүгүлүп иштебейт. Жадагалса үйдө жөнөкөй эле оокат кылганда кыйынчылык жаралат. Ошондой болбош үчүн бизге канды уюта турган фактор керек. Аны колдон келсе, алдын алуу үчүн жумасына үч жолу алып турушубуз зарыл. Ошондо муундарыбыз кичине жакшы иштеп калат. Кыргызстанда бул бир аз мүмкүн болбой турат. Бизге жылына 6,5 миң доза берилет. Бул 16 жаштагы бейтаптарга гана. Ал салмакка жараша болгондуктан жетпей дагы калышы мүмкүн. Аны бир ай колдонуп коюп, 11 ай кантип жашайсың?! Өзүңдү сактап, жүрөгүң түшүп эле жашайт экенсиң".

Кайрат кичине кезинде дары-дармек жетиштүү болсо экен деп тилесе, азыр оорунун алдын алуу чаралары күчөтүлүшүн каалайт. Өзү сыяктуу бул дарт менен жабыркагандар эртерек дарыланып, оорусун өткөрүп жибербесе деп тилейт.

"Эс тарткандан бери алдын алуу маанилүү турбайбы, профилактика болсо мен минтип баспай, аксабай, эл катары сегиз саат иштемек экенмин деп ойлойм. Негизгиси дары жетиштүү болсо, лабораторияларда туура аныктап берсе ошол маанилүү экен. Кээ бирөөнө 8-фактор, айрымдарына 9-фактор жетишпейт да, ошону алмаштырып чыгарып берген учурлар да болот", - деди мектешибиз.


Гемофилия - тукум кууган дарт. Бул кандын уюу процессине бузулушуна байланышкан илдет. Ага чалдыккандардын саны Кыргызстанда 300 адамдын тегерегинде. Факторлорду туура аныктоо дарылоо процессинде маанилүү болуп эсептелет.

Ал эми Анипа Надированын үй-бүлөсүндө жети киши гепатит илдетине чалдыккан. Божомолдорунда дарт тиш доктурга барганда жуккан. Надирова оорунун алдын алуу үчүн массалык түрдө вакцианы киргизүүнү талап кылып, буга чейин бир нече жолу тийиштүү мекемелерге дагы кайрылган экен. Ошондой эле, гепатиттин оор түрүнө кабылып, боор алмаштыргандан маселе чечилбей турганын белгилегп, "азыр оорулуулар бейтап эмес, кардар болуп калды" деп эсептейт.

"Гепатиттин оор түрүнө кабылып, боор алмаштыргандан маселе чечилбейт. Азыр ооругандар бейтап эмес, кардар болуп калды, бизнеске айлантып жатышат. Ошондуктан профилактика катары 2 долларга жетпеген вакцинаны сайып койсо ушунча маселе чыкпайт эле. Бир эле адам канча адамга жугузуп койгонун эч ким билбейт. Эмдөөнү мамлекеттин эсебинен тез киргизиш керек. Менин төрт бир тууганым, үчөө кайын журтум ооруйт. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине, Дары-дармек менен камсыз кылуу дапартаментине кайрылганбыз. Бизде бийлик ширенкедей алмашып жатат. Башкаларга жукпаш үчүн борборлоштурулган оорукана, гастроскопия, рентген, лаборатория бир жерде болуш керек. Былтыр пандемия учурунда дарыларыбыз чек арадан өтпөй өтө аянычтуу акыбалда калдык. Эгер мамлекет ошону камсыз кылып, мамлекеттик заказ менен алып келсе узак убакыт турган дарыны 3 доллардан алмакпыз. Болбосо коммерциялык баада 50 доллардан алабыз".

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталса, 2019-жылы оору 6,6 миң кишиден жаңы табылган. Бейөкмөт уюмдар сарыктын "В" түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келишет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат.

Ар кандай ооруларга чалдыккан бейтаптар дарылануу сапатын жакшыртууну, каражат, дары-дармек маселесин көтөрүп өз алдынча нааразылык акцияларына чыгып келишет. Эми ушул маселелерди бириктирип, бейтаптардын үнүн, талабын "Бейтаптардын жамааттык бирикмеси" уюму бийликке жеткирүүгө белсенип жатат.

Бирикменин курамына онкология, гематология, гемофилия, кант диабети, гепатит, склероз илдеттерине чалдыккан, гемодиализ алып жаткан жана орган алмаштырган бейтаптардын уюмдары кирди.


"Гемофилия бирикмеси" коомдук фондунун жетекчиси Нурбек Орозалиев бирикменин максаты - бейтаптардын бардыгына бирдей шарт түзүү үчүн бийлик менен конструктивдүү диалог куруу экенин белгиледи.

"Ар бир ооруга байланыштуу түзүлгөн уюм, бардыгыбыз эле Саламаттык сактоо жана Каржы министрлигинен көз карандыбыз. Бөлүнгөн каражатка жараша дары сатылып алынат. Дарынын сапаты кандай, эмне дары, канча санда алынаары биздин жашообузга түздөн түз таасир берет. Ар бирибиз эле ошол проблеманы башка ракурстан айта берет экенбиз. Биз ошону түшүндүк дагы, бирикме түздүк. Максатыбыз - өкмөткө кайрылып, конструктивдүү диалог куруу. Кыйкырып-өкүрүп дары-дармек талап кылбай, ал дарыны кантип алып келүүнү, бюджетти туура бөлүштүрүүнү чогуу талкуулоо, ушул маселелерди системалуу түрдө нукка келтирели деген ой болуп жатат. Активдүү 5-6 адам барып кыйкырса аларга дары берип, калгандар калып кетпеши керек".

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова мындай коомдор алардын ишин жеңилдетип, бейтаптарга байланыштуу көйгөйдү көзгө сайып көргөзөт деп эсептейт.

"Биздин министрлик тарабынан ар бир багытка, айтылган ооруларга чоң көңүл бурулуп эле келатат. Булар менен мурдатан эле тыгыз байланышып, жолугушуп, маселесин чечип бергенге аракет кылабыз. Бирок каржы деген кыйын маселе. Ошондуктан баары чогулуп, Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасап жатышат. Бирикменин түзүлүшү менен министрлик чоң күчтү сезип жатабыз. Көйгөйлөрдү жеринен, ичинен айтып турганы бизге жакшы болуп жатат. Бул биздин ишке да жардам деп ойлойбуз. Дартты аныктоо боюнча да айтышты. Көп учурда оорулуулар кеч, өтүшүп кеткенде келишет. Ошол учурда "дарылай албай койду" деген сөздөр айтылат. Дарыгердин "өз убагында келиптирсиң" дегени өтө чоң сөз".

Коронавирус илдети чыкканы ар кандай өнөкөт ооруларды козгоп, алдын алуу, иммунитетти көтөрүү, туура тамактануу деген маселелерди күн тартибине алып чыкты. Ушундай шартта ковидден сырткары башка оорулар менен жабыркагандар туруктуу, сапаттуу дарылануу маселесин көтөрүп чыгышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG