Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Бейтаптарды беймаза кылган карантин


Оштогу гемодиализ борбору
Оштогу гемодиализ борбору

Диализ алып жүргөн же башка өнөкөт оорусу бар адамдар өзгөчө абал учурунда ооруканага барып келүү оор болуп жатканына арызданууда. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан каржыланган бейтаптар көпчүлүгү стационарда дарыланып жатышат.

Ош шаарынын тургуну Феруза Исмаилова үч жыл мурда бөйрөк дартына чалдыгып, ошондон бери гемодиализ алат. Ошто өзгөчө абал киргенден бери анын да түйшүгү көбөйгөн.

"Оштун түштүк тарабында жашайм. Үч жылдан бери гемодиализ алам. Үйдөн ооруканага келе жатканда посттордон өтүү кыйын болууда. Майыптык китепчени, ооруканадан берген аныктаманы көрсөтсөм да постто турган кызматкерлер өткөрбөй жатат. Мындан кийин ооруканада жатып эле гемодиализ алам го. Бирок үйдөгү үч балам кыйналып калат экен".

Ош шаарындагы "БЭМАН" дарылоо-диагностикалык клиникасы
Ош шаарындагы "БЭМАН" дарылоо-диагностикалык клиникасы

Феруза Исмаилова Оштогу "Бэман" дарылоо-диагностикалык борборунда жатып гемодиализ алмай болду.

Ошко өзгөчө абал киргенден тартып Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунан келген элүүдөй бейтап "Бэман" ооруканасында стационарда жатып гемодиализ алууда. Алардын ар биринин бир жолку гемодиализ сеансы үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду келишимдин негизинде 4700 сомдон төлөп берет.

Бирок бейтапкананын жетекчиси Артыкбек Ажиматов өзгөчө абал киргенден кийин доллар кымбаттап кетип, оорукана бир айда 1 млн. сом чыгаша тартканын билдирди:

"Карантин башталгандан кийин биз оорукананын стационар бөлүмүн жаап, ал жерге гемодиализ алгандарды жаткырдык. Алардын иммунитети башкаларга салыштырмалуу төмөн болот. Андыктан коронавирус тез жугушу мүмкүн. Азыр 50гө жакын бейтап ооруканада дарыланып жатат. Аларга үч маал ысык тамак берилет. Доллардын курсу жогорулаганы дары-дармек да кымбаттады. Азыр бир айда эле 1 млн. сом чыгыша болуп жатабыз. Башкы максатыбыз - өзгөчө абал учурунда бейтаптарды аман-эсен сактап калсак болду".

Кыргызстандагы гемодиализ борборлорунун бирикмеси доллардын курсу жогорулап кеткенинен улам дары-дармек, медициналык каражаттар 20 пайызга кымбаттаганын, бейтаптарды стационарда дарылоо келишимде көрсөтүлгөн баадан ашып түшкөнүн айтып, Жогорку Кеңеш төрагасына, өкмөт башчыга, саламаттык сактоо министрине кайрылган. Бирок азырынча жооп боло элек.

Оштогу "БЭМАН" гемодиализ борбору.
Оштогу "БЭМАН" гемодиализ борбору.

Ошто бөйрөк кемтиги менен жабыркагандар облустук биргелешкен ооруканасында, “Нур”, “Үмүт”, “ЮРФА”, “Бэман” менчик клиникаларында гемодиализ алат.

Мындай көрүнүш Ошто эле эмес, Бишкекте да бейтаптарды түйшүккө салып жатканы маалым болду. Алардын бири Назгүл Абдикеримова оорукананын атайын бейтаптар үчүн уюштурулган автоунаасында каттап жатканын айтты. Бирок карантиндик посттордон өтүү дагы эле кыйынчылык жаратып, ага кошумча беткап жетишсиз болуп жатканына кабатыр.

"Карантин учурунда кыйналып жатабыз. 200 адам Бишкектеги "Фрезениус Медикал Кэйр" клиникасынан гемодиализ алабыз. Оорукана бизге автоунаа уюштуруп берген. Ар бир сменде бейтаптарды ташыйт. Бирок беткап жетишсиз болуп жатат. Аны өзүбүз сатып алабыз. Блокпосттор кыйынчылык жаратып жатат. Оорулуулар үчүн жөнөкөйлөтүп койсо болмок. Колубузда уруксат кагазыбыз турса да посттордо турган кызматкерлер гемодиализ эмне экенин түшүнбөй жатышат".

Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын басма сөз кызматы диализ алып жүргөн же башка өнөкөт оорусу бар адамдар өзгөчө абал учурунда посттордон тоскоолдуксуз өтүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева да Ички иштер министрлигине кайрылып, жарытылуу жооп албаганын айтты. Мындан улам гемодиализ клиникалары бейтаптарга посттордо турган кызматкерлерге көрсөтүү үчүн “дарыланып жатат” деген аныктама кагаз беришкен.

"Ички иштер министрлигинен уруксат кагаз сурасак “чектөө бар, миңден ашуун адамга бере албайбыз” деп коюшту. Бирок алардыкы да туура. Бейтаптарга коронавирус жуктуруп албашыбыз керек. Алардын иммунитети төмөн болот. Бирок бейтаптарды ташуу же стационарда жаткырып дарылоо жолу менен кырдаалдан чыгып жатабыз. Азыр гемодиализ сеансына бардык бейтаптар жетишип барып жатат".

Учурда Кыргызстанда 1692 адам бөйрөк кемтиги менен жабыркайт. 1234 адамдын дарылануусун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду каржылайт. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору 283 бейтаптын каржысын мойнуна алган. Калган 175 бейтап өз каражатына дарыланат. Алардын бир жолку гемодиализ сеансы 4700 сом. Бир бейтап үчүн бир айда орточо 47 миң сом керектелет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG