Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:16

Швейцария илимпоздору Ат-Башыда малчыларды он жыл изилдеди


Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАП.

Нарын шаарында Кыргыз-швейцар бийик тоолуу медицина жана изилдөө симпозиуму 22-сентябрда аяктады. Төрт күндүк иш-чара 18-сентябрда башталган. Ага Европанын 17 өлкөсүнөн келген 40тан ашык окумуштуу-дарыгер теңиртоолук медиктер менен тажрыйбасын бөлүштү.

"Туура тамактанууга көңүл бургула"

Швейцариялык илимпоздор Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө жашаган малчылардын саламаттыгына 10 жыл бою көз салышкан. Бул аралыкта алар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте күн кечирген адамдар жүрөк кан тамыр ооруларына кабылып, кан басымы жогору болорун байкашкан.

Эл аралык симпозиумда чет өлкөлүк дарыгерлер тоолуу аймакта жашаган калкка мүнөздүү ооруларды аныктоо, аларды алдын алуу жана дарылоонун ыкмалары тууралуу илимий баяндамаларын жасашты.

Швейцариянын Цюрих университетинин профессору Сильвия Ульрих бийик тоолуу аймакта жашаган адамдардын дени чың болушу үчүн туура тамактанууну сунуштайт. Ошондой эле, алар көп кыймыл аракетте да болушу керек.

Сильвия Ульрих
Сильвия Ульрих

"Тоолуктарга "тамеки чекпегиле" деп айтат элем. Анткени аба суюк болгондуктан тамеки өпкөнү жабыркатат. Андан көрө алар күнүгө эртең менен көнүгүүлөрдү жасап турса шайдоот болушат. Туура тамактанууга да көңүл буруу керек. Бул эң маанилүү жагдай. Тоодо жашагандар этти көп жешет экен. Жашылча-жемиштерди да аралаштырыш зарыл".

Окумуштуулар бийик тоолуу шартта жашаган адамдар медициналык жардамга муктаж экенин белгилешет. Кесипкөй адистердин жетишсиздиги да курч маселеге айланган. Мунун айынан тоолуктардын арасында жүрөк, өпкө ооруларынын оор формасына чалдыккандар арбын.

Швейцариялык дарыгерлер тоолуу аймактын жашоочулары тамекини көп чегерин белгилешет.

Цюрих университетинин аспиранты Мерет Бауер кыргызстандыктардын көбүнүн өпкөсү жакшы эместигине күбө болгон. Ал муну чылым чегүүнүн кесепети катары сыпаттады.

Мерет Бауер
Мерет Бауер

"Кыргызстанда тамеки чеккендер аябай көп экенин байкадым. Биз бул жаатта да өзүнчө иликтөө жасаганбыз. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан мен Кыргызстандагы элдин мынча пайызы чылым чегет деп так айта албайм. Бирок ошентсе да элди тамекиден оолак болууга чакырат элем. Ошондой эле, отко жагылган тезек, көмүрдүн ышы да өпкөгө зыян. Колдон келсе алардан да алыс болсок, ден соолукка эле жакшы", - деди ал.

Тамеки тартуу өпкө шишигине, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Дал ушул илдеттен каза болгондор көп катталат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жугуштуу эмес оорулар, чылым тартуу, туура эмес азыктануудан улам калктын 30% жаш кезинде көз жумат.

Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25% ашыгы тамеки чегет. Чылым тарткандардын көбү эркектер.

Тоо медицинасы колдоого муктаж

Швейцариялык окумуштуу-дарыгерлердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы ушул жылдын этегинде чыгат жана анын негизинде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуштар берилмекчи.

Ат-Башы аймактык ооруканасынын дарыгери Нурдин Алиев швейцариялык илимпоздордон тажрыйба алуу зарылчылыгына токтолду.

Нарындык дарыгерлер.
Нарындык дарыгерлер.

"Дарылоонун ыкмаларын айтышты. Пайдалуу маалыматтарды уктук. Эми үйрөнгөнүбүздү ишибизде сөзсүз колдонобуз. Ал медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртат деп ишенем. Бул иш-чарага Нарын облусунун беш районунан дарыгерлер келишкен. Медиктер көп окуп, медицина тармагындагы жаңылыктардан кабардар болуп, жаңы нерселерди үйрөнүп турушу керек деп эсептейм", -деди Алиев.

Чет өлкөлүк окумуштууларды Кыргызстанга өлкөнүн башкы өпкө дарыгери Талант Сооронбаев чакырган. Ал бийик тоолуу аймакта жашаган калктын саламаттыгына 2001-жылдан бери көз салып, зарыл болгон учурда жардам берип жүргөнүн айтат. Мындай демилге белгилүү дарыгер, маркум Мирсаид Миррахимовдун көзү тирүү кезинде көтөрүлгөн экен.

Иш чаранын катышуучулары.
Иш чаранын катышуучулары.

"Агайым көзү тирүү кезинде "Ак-Сайдагы жана Алайдагы адамдардан кабар алып тур" деп мага тапшырма берген. Ошондон бери 20 жыл болду. Жыл сайын жай айында барып турам. 2011-жылы биздин катарыбызга швейцариялык дарыгерлер кошулду. Алардан тажрыйба алдык. Анткени алар тоо медицинасы тармагында иштеген адистер. Бул иш дагы уланат. Токтобойт. Анткени аймактардагы медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу керек".

Эми бул долбоордун алкагында Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулат. Окумуштуулар ага кеминде 80 миң доллар кетерин эсептешкен. Долбоор 2022-жылы ишке ашары күтүлүүдө.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон иш сапарынында эки өлкө ортосунда тоо медициналык илимий борбор ачуу тууралуу меморандумга кол койгон.

Маалыматка ылайык, аталган медициналык борбор эки багытта иш алып барат. Биринчиси, тоолуу аймактарда жашаган калктын ден соолугуна кам көрүү, климаттык шартка байланыштуу ооруларды алдын алуу болсо, экинчиси, жергиликтүү тургундарды жаңы ыкмалар менен арзан дарылоо болуп саналат.

Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө туруктуу жашаган 109 кожолук бар. Жай айларында өрөөндүн жашоочуларынын саны 5000ге чамалайт. Алардын көбү мал багууга келген Ат-Башы районунун тургундары.

Ак-Сайда фельдшердик жана акушердик пункт бар. ФАПта бир фельдшер жана бир медайым иштейт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG