Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:18

Малчылар мамлекет камкордугуна муктаж


Кыргызстанда 24-25-майда жааган кардан улам Ысык-Көл, Нарын облустарындагы бир нече райондо мал кырылып, айдаган жашылча-жемиштери керектен чыкты.

Бир эле Ысык-Көл районунда кырылган малдын саны 3 миңге жакындап, алдын-ала эсеп боюнча чыгымдын көлөмү 18 миллион сомдон ашты. Ага чейин Баткен облусунда жүргөн сел гектарлаган айдоо жерин жууп, бир адамдын өмүрүн алган эле.

Өкмөт мындай абалга кандай баа берип, малынан, келечек түшүмүнөн ажыраган жарандарга кандай жардам берген жатат? Агрардык жана тоолуу өлкө болгон Кыргызстанда табият кырсыгынан жапа чеккен мал, жер ээлерине жардам көрсөтүү аракетин жөнгө салган атайын мыйзам керекпи?

"Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, өкмөт башчынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидромет борборунун метеорологиялык божомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова катышты.

"Азаттык": Чыңгыз мырза, Кыргызстандын аймагында күтүүсүз түшкөн кардан канча айылда, канча мал кырылды жана канча айдоо жери иштен чыкты? Андан жарандар тарткан чыгымдын көлөмү канча сомго эсептелип жатат? Чыгымдарын калыбына келтирүү боюнча өкмөт кандай чара көрүп, кандай жардам берген жатат?

Чынгыз Эсенгулов: Күтүүсүз жааган кардан көбүнчө Ысык-Көл жана Нарын облустарында мал кырылды. Ысык-Көл районунда жок болгон майда малдын саны 3334 баш, андан тышкары 93 уй, 74 жылкы болду. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү жана райондордун жетекчилери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кошо чыгымды тактап жатат.

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

Баштапкы эсеп боюнча Ак-Суу районунда чыгымдын көлөмү бир миллион 67 миң сомду, Түп районунда 236 миң сомду, Тоң районунда 1 миллион 387 миң сомду, Ысык-Көл районунда 15 миллион 269 миң сомду, облус боюнча 17 миллион 959 сомду түздү. Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы районунда 215 баш мал жок болгону, дагы 113 баш мал изделип жатканы аныкталды. Андан тышкары, Ак-Сай өрөөнүндөгү абал такталат. Аталган эки облустун кар жааган аймактарына күйүүчү май, жем-чөп жана башка керектүү жабдуу жеткирилди.

Малчыларды ким ойлойт? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00
Түз линк

"Азаттык": Мирлан мырза, жарандар кыйын абалга туш болгон ушундай кырдаал болгондо Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө тапшырма беришет. Бирок ар бири өз районундагы, айылындагы же облусундагы абалда оңдоону талап кылып, маселени жалпы мамлекеттик деңгээлде чечүүнүн жолун издешпейт. Ушундан улам малды, айдалган жерин камсыздандыруу же жардам берүү аракетин жөнгө салган мыйзам кабыл алуу зарылбы?

Мирлан Бакиров: Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде бар. Демек бизде да кабыл алууга мезгил жетти. Башка мамлекеттердин мыйзамдарын иликтеп көрүп, биздин шартка ылайыктап, малды ыктыярдуу же милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алууга аракет кылсак болот.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Эгер камсыздандыруу фонду түзүлсө азыркы 18 миллион сомдук чыгымдын ордун толтурууга болот эле. Андан тышкары жайыттан жылына 100 миллион сомдук төлөм алынат. Ошол каражатты да камсыздандырууга жумшаса болот. Азыр көкбөрү оюнунда ойногон аттардын баасы бир машинанын баасынан да көп. Эгер камсыздандыруу талабы коюлса биринчи кезекте ошол аттарды жана асыл тукум малды камсыздандырууга кожоюндардын өздөрү кызыкдар болот. Бирок, тилекке каршы, малды идентификациялоонун мөөнөтү бүтүп жатканына карабастан ал толук ишке ашкан жери жок.

"Азаттык": Махбуба айым, гидромет борбору "аба ырайы кескин өзгөрөт" деп маалымат бергени белгилүү. Бирок, сиздер берген маалымат менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрыкча алыскы тоолуу аймактардагы жарандар эсептешпей тургандыгын ушул жолу аймактар тарткан чыгым көрсөттү. Сиздер аба ырайы кыйынчылык алып келчү божомол болгондо бардык жарандар кабардар боло тургандай кылып маалымат берүүгө аракет кыласыздарбы? Же радио, телевидение аркылуу маалымат берип коюу менен чектелесиздерби?

Махбуба Касымова: Биз түзгөн шашылыш билдирүүнү бийик тоолуу жайыттарга жеткириш өтө кыйын. “Кыргызгидромет” өлкөнүн бардык аймагы боюнча беш күндүк болжол түзөт. Ал өлкөдөгү 32 станциядан алынган маалыматтын негизинде түзүлөт.

Радио, телевидение жана СМС аркылуу бир күндүк эле маалыматты жиберебиз. Мисалы, 24-25-майда "тоолуу аймактарда суук 5 градуска жетет" деп берилген болчу. Бирок фермерлерге толук жетпей жатат. Мындан эки жыл мурун бир долбоор боюнча үч күндүк болжолду ар бир айылдагы дыйкандардын жеке телефонуна жөнөтүп турдук. Натыйжасы абдан жакшы болду, бирок долбоор аяктаганда каражат жок токтоп калды. Азыр биз бир айга болжол түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Малчыларды ким ойлойт? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:14 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG