Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Желип жүгүргөн жүрөккө пайда


Кериктер жасалма мүйүздүү болушту. Желип жүгүргөн ден соолукка пайдалуу. Байыркы Ассириянын эмнеден кыйраганы аныкталды. Дарактар көчөттөргө мээрман болушат.

Байыркы Ассирия эмне үчүн кыйраган?

Жаңы Ассирия падышалыгы эки кылымдан ашык өмүр сүргөн. Өз доорундагы чоң жана кубаттуу империя бүгүнкү Ирактын түндүк ыптасында жайгашып, Иран менен Египетке чейин созулган. Килейген империянын кыйрашына б.з.ч. 612-жылы ордолуу Ниневияга Вавилон менен Мидия бир маалда кол салганы себеп болгону айтылып келет.

Чоподон жасалган шынаа жазмалар, 180 жылдан берки археологиялык казуулар жана илимий экспедицияларда чогултулган материалдарга карабай, Ниневея кенти Вавилон менен Мидиянын аз сандагы армиясына оңой жеңилгени ушул күнгө чейин табышмак бойдон калып келген.

Калифорния мамлекеттик университетинин аалымдары Ашиш Синха (Ashish Sinha) менен Йель университетинин профессору Харви Вайс (Harvey Weiss) баштаган топ архивдик жана археологиялык, ошондой эле палеоклиматологиялык маалыматтардын негизинде байыркы дүйнөдөгү эң чоң кенттердин биринин кыйроо себебин биринчи жолу аныкташты.

Жаңы Ассирия кемелине жетип турган кез.
Жаңы Ассирия кемелине жетип турган кез.

Изилдөө Ассирия кыйраганга чейинки соңку 60 жыл өтө кургакчыл болуп, империяны алсыратканын, Ниневия душманга үч ай дегенде багынып, ошондон соң кентте эл жашабай калганын көрсөткөн. Кургакчылыктан улам Ниневиянын айланасындагы жерлер түшүм бербей калып, жергиликтүү эл кыйраган кентти таштап кеткен болушу этимал.

- Вавилондуктар арык – өстөндөрдү казып, жер сугарып, дыйканчылык кылышкандыктан, климат өзгөрсө да азык-түлүгү кенен болуп, падышалыкка түйшүк жараткан эмес. Ассирияда ирригациялык система дээрлик өнүкпөгөндүктөн, дандын түшүмү жаан-чачынга көз каранды эле, - дейт профессор Вайс.

Илимпоздор климат кандай өзгөргөнүн Ирактын түндүк-чыгышындагы Куна-Ба үңкүрүндөгү саркындылар жараткан сталагмиттерди анализдеп билишкен. Сууда эзилип, катмар-катмар болуп топтолгон минералдардын анализи климаттын өзгөрүүсү кандай жүргөнүн көрсөтөт. Жамгырдын суусунда кычкылтектин оор жана жеңил изотоптору болот. Алардын катнашы жамгырдын тунмасы менен абанын температурасынын өзгөрүшүнө көз каранды. Ал эми үңкүрдө саркындыдан жаралган минералдардын катмарындагы уран жылды так аныктаганга көмөктөшөт.

Палеоклиматологиялык маалыматтар археологиялык жана шынаа жазмалардагы маалыматтар менен салыштырылып, Ассирияда кургакчылык курч болгон мезгил такталган. Окумуштуулардын боолгошунча, жаан-чачындуу мезгил - падышалык оболу түптөлүп, тез өнүгүп – кеңейген чакка дал келет.

- Бизде эми Түндүк менен Түштүк арасындагы тарыхый жана экологиялык, ошондой эле жаан-чачынга негизделген жана ирригациялык дыйканчылык ортосундагы динамика бар. Бул динамика вавилондуктар ассириялыктарды жеңген тарыхый жараянды түшүнгөнгө жардамдашат. “Тарых эки мерчемдүү болбой калды, тарыхый сцена бүгүн үч мерчемдүү, - деди Харви Вайс.

Ал Ассириянын жок болушун тарыхчылар “бардык катастрофалардын энеси" деп аташканын кошумчалады.

Илимпоз буга чейинки изилдөөсүндө б.з.ч. 2200-жылкы кургакчылык Жер Ортолук деңизинен Кытайга чейинки мейкиндикте коомду кыйратканын аныктаган.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com/, http://www.sci-news.com/)

Өсүмдүктөр көчөттөргө мээрман болушат

Окумуштуулар жүргүзгөн жаңы иликтөө чоң дарактар майдаларына жашап кетүүгө көмөктөшүп, өздөрү күч-кубат аларын айкындады. Дарактар арасындагы бул кубулуш фасилитация (англис. Facilitate – себепчи болуу, жеңилдетүү, көмөктөшүү) деп аталат.

Испан жана британ окумуштуулары (Desertification Research Center, Valencia & University of Portsmouth) изилдөөнү Испаниянын түштүк чыгышындагы гипстүү “экологиялык чөлдө” жүргүзүшкөн. Гипстүү кыртышта дарактар үчүн зарурат минералдар менен суу тартыш болгондуктан, зор кыйынчылык менен өсүшөт.

- Эгер сиз дарак болуп, чөлдүү ландшафта: тоо башында же кум дөбөдө (дюна) чоң жана күчтүү дарактын түбүндө өссөңүз, - бактылуусуз. Себеби, сиздин жашап кетүү шансыңыз жалгыз өскөнгө караганга жогору болот. Көчөткө кам көргөн чоң дарактар жалгыз өскөн даракка салыштырганда жакшы гүлдөйт, - деп түшүндүрдү доктор Росио Перес-Барралес (Rocio Pérez-Barrales).

Анткени жаш көчөттөр чоң дарактын көлөкөсүндө сууну көп ичип, эне дарактын күбүлүп түшкөн бариктеринен азык заттарды алат.

Жаш көчөттөр жетилген сайын эне дарактар жалгыз гүлүнүн санын көбөйткөн. Ал эми жалгыз өскөн дарактар гүлдү сейрек байлашкан. Бул алардын урук өндүрүүсүн көбөйтүп, көбөйүшүнө алып барган.

Эки же андан көп ар кыл дарактар (өсүмдүктөр) чогуу өскөндө ар кандай илдеттерге туруктуу болуп, айлана-чөйрөсүндө позитивдүү каскад эффектисин жаратат. Атап айтканда, өсүмдүктөрдүн гүлү жыш болгон учурда чаңдатуучулар көп келишет, жаныбарларга табигый тоют мол беленделет, алардын кыгы органикалык жер семирткич катары пайдаланылат.

- Береги системада жеңүүчү - биологиялык көп түрдүүлүк. Өсүмдүктөр, курт-кумурскалар, бактериялар, козу карындар, сүт эмүүчүлөр жана канаттуулар канчалык көп болсо, айлана-чөйрө менен экосистеманын өз функциясын узак мөөнөт сак-саламат аткаруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, - деди Росио Перес-Барралес айым.

Бул изилдөө таштак же суу тартыш жерде бак-дарак өстүрүп, багбанчылык кылган адамдар үчүн пайдалуу.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com/, https://vaaju.com/)

Кериктин жасалма мүйүзү

Кытай медицинасында кериктин мүйүзү дарылык касиетке ээ экени айтылат. Анын арак ичкенден кийин баш ооруну жазуучу жана афродизиактык касиети бар (“Виагра”), онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулат.

Жакында эле Оксфорд университети менен Шанхайдагы Фудан университетинин окумуштуулары жылкынын кылын пайдаланып, дал ушул кериктин мүйүзүн жасоо жолун иштеп чыгышты.

Илимпоздордун түшүндүрүшүнчө, кериктин мүйүзү кадимки сөөккө окшобойт; анын түзүлүшү желимделген кылдардын катмарларынан турат. Кылдарды кериктин мурдунан бөлүнгөн майлуу темир (sebaceous glands) жана организми бөлгөн кератин белогу желимдей бириктирип турат. Ага карабай, кериктин мүйүзү өзүнүн механикалык касиети боюнча кадимки мүйүздөрдөн эч айырмаланбайт.

Спектралдык жана термикалык анализдер кериктин жасалма мүйүзү тышкы көрүнүшү, сапаты, химиялык курамы жагынан табигый мүйүздөн анча деле айырмаланбасын көргөзгөн.

Жаңы материал (мүйүз) каалагандай формага жеңил салынып, кескенден жана сыртын жылмалагандан кийин структурасы бузулбай сакталат. Ошого кериктин жасалма мүйүзүн же массалык түрдө өндүрүлгөн мүйүздү нак мүйүздөн ажыратып таануу оңой-олтоң иш эмес.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Фриц Воллрат (Fritz Vollrath) жасалма мүйүздөн жасалган буюмдардын өздүк наркы арзан болгондуктан, кара базардагы бааны төмөндөтүп, аткезчилер менен браконьерлерди чөнтөккө урат деп ишенет.

Кытай илимпозу Жуйсин Минин (Ruixin Mi) айтымында, алардын изилдөөсү материал таануу биологиянын фундаменталдуу проблемаларына жана жан-жаныбарлардын түрлөрүн сактоого салым кошо аларын шарданалайт.

(Булагы: http://www.ox.ac.uk, https://www.sciencedaily.com)

Желип жүгүргөндүн пайдасы

Эгер узак жашоону кааласаңыз, жумасына кеминде бир жолу жүгүрүп туруңуз. Күн сайын ар кандай аралыкка жүгүрүп турган адамдарда ар кандай дарттан улам көз жумуу ыктымалдыгы жүгүрбөгөн адамдарга салыштырганда бир кыйла төмөн болот. Эл ден соолугун жакшыртып, өмүрү узун болушу үчүн алыскабы же жакынбы, сөзсүз жүгүрүп турушу зарыл экени айтылат Британиянын спорт медицинасы журналында (British Journal of Sports Medicine) жарыяланган изилдөөдө.

Бирок, өлүм коркунучун, өзгөчө, жүрөк – кан тамыр оорулары менен ракты болтурбоо үчүн жүгүрүү канчалык пайдалуу экени белгисиз.

Окумуштуулар жүгүрүү, желип жүгүрүү менен ыктымал өлүм, жүрөк – кан тамыр оорулары жана рактын байланышын изилдешкен. Ал үчүн 232 149 адамдын жашоо жолоюн, анын ичинде спорт менен машыгуусун 5,5 жылдан 35 жылга чейин камтыган 14 изилдөөнү талдап чыгышкан. Көрсөтүлгөн аралыкта (29,5 жылда) алардын арасынан 25951 киши көз жумган.

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И(оңдо) Лузанадагы сүйлөшүүдөн соң желип жүгүрүп баратат. 30-март, 2015-ж.
КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И(оңдо) Лузанадагы сүйлөшүүдөн соң желип жүгүрүп баратат. 30-март, 2015-ж.

Алынган маалыматтар ар кандай өлчөмдө жүгүргөн адамдар арасында такыр эле чуркабаган аялдар менен эркектерге салыштырганда өлүм коркунучу 27% аз болорун көрсөткөн. Жүрөк-кан тамыр жана рак дартынан көз жумуу коркунучу 30 жана 23 процентке төмөндөгөн.

Сейрек жүгүрүү, алсак, аптасына бир мертебе 50 мүнөттөн кем эмес чуркоо жана 8 км/саат ылдамдыкта желип баскан да жогоруда аталган оорулардын коркунучун азайтары аныкталган.

Жүгүрүү салмакты жана кандагы липиддин деңгээлин азайтып, “жакшы“ холестериндин деңгээлин көбөйтөрү, клетканы жашартып, насили семиздикке жакын адамдардын бат толуп кетүү ыктымалдыгын төмөндөтөрү маалым.

Ушундан улам жумасына 25 мүнөттөн кем эмес чуркап туруу өлүм коркунучун азайтышы этимал. Ошон үчүн кенен-чонон машыгууга же чуркаганга убактысы тар адамдар аптасына бир мертебе 25 мүнөт желип жүгүрүп турганы жакшы болушу ыктымал деп боолгошот изилдөөчүлөр.

Бирок көбүрөөк жүгүрүп туруу, канча аралык экенине карабай, кишинин саламаттыгын жана элдин өмүрүнүн узундугун орчундуу деңгээлде жакшыртары изилдөөдө белгиленген.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.runnersworld.com)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG