Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:30

Шаарын куткарган жарандар


«Кале шаарынын жарандары» (1884-1888), Огюст Роден. Кале шаары, Франция.

Дүйнөгө таанымал француз айкелчиси Огюст Родендин «Кале шаарынын жарандары» деген скульптуралык эмгеги бар.

130 жыл мурда жасалган бул эстелик өз шаардаштарын Англия падышасынын каарынан куткарыш үчүн жанын аябаган алты жаранга арналган.

Кастын каарын ким жумшарта алат?

1889-жылы Огюст Роден «Кале шаарынын жарандары» деген скульптуралык композициясын бүткөрөт. Бүтүндөй шаар элин куткарыш үчүн өз ыктыяры менен башын баталгага койгон алты жарандын эрдигин даңазалаган береги эстеликтин нускаларын бүгүн дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн көрсө болот. Алар кандай эрдик кылышкан?

1347-жылы Англия менен Франциянын ортосунда ондогон жылдарга созулган куралдуу тирешүү башталат. Кандуу кыргын менен коштолгон каар заман 116 жылга созулуп, тарыхта «100 жылдык согуш» деген ат менен белгилүү.

«100 жылдык согуштун» негизги окуялары: (жогортон оңду карай) Ля Рошел, Агинкур, Патай, Орлеан. Коллаж.
«100 жылдык согуштун» негизги окуялары: (жогортон оңду карай) Ля Рошел, Агинкур, Патай, Орлеан. Коллаж.

1346-жылы күздө Англиянын падышасы Эдуард IIIнүн жоокерлери Франциянын түндүк-батышындагы Кале порт-шаарын камоого алат. Кале Англиянын жээгинен 34 чакырым аралыкта болгондуктан, согушта плацдарм катары маанилүү эле. Ал эми шаарды жабыт катары колдонгон француз пираттары Англияга такай жортуул жасап тургандыктан, Эдуард III Калени багындырып, элин ийге келтирүүнү көптөн бери көксөп жүргөн.

Англия падышасынын аскерлери 1346-жылы августта Кресидеги салгылашууда Филипп VI баштаган француз күчтөрүн жеңгенден кийин Калени курчоого алат. Кале бир жылдан ашык багынбайт. Шаарда азык-түлүк жетпей ачкачылык башталат, ооруп-сыркоо көбөйт.

Аргасы түгөнгөн шаар башчысы Жан ле Вьенн апаатты токтотуш үчүн Англия падышасына элдешүүнү сунуш кылат. Ошондо Эдуард III «Шаардын эң ардактуу алты жараны Каленин коргонунун сыртына чыгып, көйнөкчөн, жылаңаяк, жылаңбаш, моюндарына жиптери, колдорунда шаардын жана чептин ачкычтары менен менин алдыма келишсин»,- деп шарт коёт.

Жылнаамачынын жазганына караганда, Англия падышасынын шартын калаанын ортолугундагы аянтка жыйналган эл тунжурап укту. «Элдин жакшы чыкмаларынан кимдир-бирөөлөр биз үчүн өлгөнгө макул болобу?» деп баары бушайман. Топту жарып, ортого шаардын кадырлуу аксакалы жана эң бай адамы Эсташ де Сен-Пьер суурулуп чыкты. Эмне деп алкаарын билбеген адамдар Эсташ де Сен-Пьердин бутуна жыгылып таат кылып жатты. Жаратканга жалбарган элдин үнү жана аялдардын ыйлаганы угулат. Ортого Жан д’Эр, ага-инилер: Жан жана Пьер де Виссан, андан соң Андред Андр жана Жан ди Фиенн да чыгышты. Жан д’Эр да шаардын эң бай жана сөзү өтүмдүү жараны. Сурайылдай эки кыздын атасы.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:04 0:00
Түз линк

Эли үчүн курмандыкка баш байлаган эрендер

Эдуард IIIнүн талабына ылайык, өлүм күткөн алтоо сырт кийимин, бутундагы өтүктөрүн чечип, этеги бучкакты жапкан узун көйнөк кийишет. Моюнга кулдуктун жана шермендечиликтин белгиси катары жип байлап алышкан алтоо шаардын капкасынан чыгышат. Алар Англия падышасынын алдына барып, тизе бүгүп отурушкан соң Эсташ де Сен-Пьер Эдуард IIIгө кайрылат: «Биз, алты адам тең Каленин тектүү жарандарынан болобуз. Сизге шаардын жана чептин ачкычтарын алып келдик. Сизден суранабыз: кыйналып жаткан биздин шаардын калкына айкөлдүгүңүздү көрсөтүңүз».

Эсташ де Сен Пьер (солдо сакалчан) жана Жан д'Эр (оңдо).
Эсташ де Сен Пьер (солдо сакалчан) жана Жан д'Эр (оңдо).

Бул сөздү угуп жатып, падышанын жанындагы билермандардын көбү алты жарандын эр жүрөктүүлүгүнө таң берет, алардын тагдырына боору ооруп, жүздөрүн жаш чаят.

Эдуард III колун шилтесе эле алты шордуунун башы кетет. Кылымга тете жымжырттыкты бузуп, каныша Филипп күйөөсүнүн алдына чөк түшүп жыгылды:

- Менин мырзам, сиз менен болуу үчүн Англиядан кемеде сүзүп келатканда өмүрүмдү тобокелге салдым жана ал үчүн эч нерсе сураган жокмун. Азыр сизге жалбарып, бир таберик сурайм: Теңир үчүн жана мени сүйгөнүңүз үчүн, ырайым кылыңыз!

«Падышанын кежигеси тырышты, бирок перзентин ойлоп, көз жарганы турган канышынын сөзүн кыя албады. Кале шаарынын Эсташ де Сен-Пьер баштаган алты жаранын тирүү коё берди» деп жазат «Хроникалар» деген эмгегинде XIV кылымда жашаган француз жазуучусу Жан Фруассар.

Капкалуу шаардын кабыландары

Бул окуядан 500 жылдан кийин 1884-жылы Кале шаарынын башчылары атактуу жердеши Эсташ де Сен-Пьерге эстелик тургузмак болуп, конкурс жарыялайт. Сынакта айкелчи катары аты бир кыйла белгилүү болуп калган Огюст Роден утат.

Ал алты айдан кийин сунуш кылган долбоордо эми капкадан чыгып бараткан алты жарандын фигурасы. Топтун ортосунда сакалы бакжайган карыя Эсташ де Сен-Пьер турат. Ал өлүмдөн коркпойт. Бирок өлүмдүн жүгү анын олбурлуу денесин жерге ныгырып тургандай көрүнөт. Жан жагындагы Жан д’Эр килейген ачкычты көтөрүп алган. Аларга удаа эле ага-ини Жан жана Пьер де Виссан турат. Пьер артка бурулуп, башкаларды «жүргүлө» деп чакырып жаткандай. Артта калган Андрьед Андр менен Жан ди Фиенн өлүмдү көргүсү келбей, колу менен жүзүн калкалап турган сыяктуу. Баарынын тулку боюнан үмүтсүздүк сезилет.

Огюст Роден: «Кале шаарынын жарандары». Лондон, Англия.
Огюст Роден: «Кале шаарынын жарандары». Лондон, Англия.

Бул айкелдерди көргөн сайын жети кылым мурда өткөн алты жарандын арбагына дуба кылып, эрдигине тизе бүгүп таазим кылгың келет!

Ачык өткөн талкууда Кале шаарынын беделдүү жарандары скульптор сунуш кылган долбоорду жактырбайт. Бирок оюндагысын оңой менен бербеген Огюст Роден эстеликтин жалгыз Эсташ де Сен-Пьерге коюлушуна кашайып көнбөйт. Айкелчини шаар башчы колдойт. Эми скульптор дагы бир талап коёт: Өлүмгө түз бараткан бул алты атуулдун айкели Родендин ою боюнча шаардын орто жеринде жана жапыс постаментте турууга тийиш. Талаш кайра уланат. Ал арада алты фигураны колодон куйганга жана орнотууга шаардын дасмиясы жок экени билинет.

Бул талашта Огюст Роден жылнаамачы Жан Фруассардын мына бул саптарын бетке тутат: «Жылаңаяк, жылаңбаш, моюндарында жиби жана колунда ачкычы бар алты жаран, жанын кыйнаган түрдүү ойлордон, корккондон жана сууктан калтырашып, «экинчи эч качан көрүшпөйбүз» деген ишенимде туугандары менен коштошту».

Айкелчинин айкөл оюн ким түшүнөт?

Эгерде Огюст Роденди Франциянын көрүнүктүү сүрөткерлери, адабиятчылары жана беделдүү жарандары жактап чыкпаса «Кале шаарынын жарандары» эстелиги Родендин атканасында ара туулган бойдон калат беле, ким билет?

1883-жылы же скульптуралык композиция бүткөндөн беш жылдан кийин Кале шаарынын алты жаранына жасалган эстеликти жезден жасоо жана тургузуу үчүн Францияда жалпы улуттук лотерея ойнолот. Баасы 1 франктык лотереядан түшкөн акчага адам боюндай кылып эстелик жасалат. Ал бирок 1895-жылы Родендин эркине каршы шаардык сейилбактын маңдайына - бийик постаментке орнотулат.

Огюст Родендин бюсту. Шакирти Камилла Клодел жасаган.
Огюст Родендин бюсту. Шакирти Камилла Клодел жасаган.

«Кале шаарынын жарандары» эстелиги Огюст Роден акыретке кеткенден жети жылдан кийин гана, 1924-жылы май айында скульптор өзү каалагандай Каленин борбордук аянтына, жапыс постаментке көчүрүлөт. Эми, Роден каалагандай, эстеликтин жанына барган ар бир адам «Мен да ушул адамдар жасагандай эрдик кыла аламбы?» деп өзүнөн сурай алат.

Рухий мейкиндикти коргоого чакырык

Каленин даңктуу уулдарынын эстелигин Брюсселде жашаган кыргыз сүрөткери Ибрагим Бакиров атайын барып көргөн. Ал айкелдерди көргөндө кандай таасир алган?

«Огюст Роден үчүн сырткы да, ички да мейкиндик маанилүү. Ал ар бир кишинин трагедиясын, драмасын ич жагынан да көрсөткөн. Ошон үчүн эстеликти алдына туруп көрүш керек. Менин оюмча, Роден скульптураны жасап жатып өзүн алардын арасында жүргөндөй элестеткен болушу мүмкүн. Эстеликти карап турган кишиде Каленин жарандарынын тагдырына ортоктош сезим пайда болуш керек да. Себеби, Родендин өзүндө дал ошондой сезим болсо керек. Менде да ошондой сезим болду. Алыстан бир башкача көрүнүш, жакындан бир башкача көрүнүш. Орусиялык белгилүү искусство таанучу А. А. Павловскийдин теориясы боюнча, оң жана терс форма бар. Кээ бир формалар мейкиндикти жейт, тескерисинче, кээ бир формаларды мейкиндик жейт же форма мейкиндиктин ичине кирип кетет. Огюст Роден «Кале шаарынын жарандарында» ошондой эки жактуу көрүнүштү жасагандыктан, эстеликтин мазмуну жана формасы бири-бирине куп келишип турат. Роден өзү композицияны кандай сезсе, дал өзү сезгендей кылып жасайт жана скульптурада калыптанган салтка баш ийбейт».

«Ойчул» (1880-1882). Огюст Роден. Париждеги Роден музейи.
«Ойчул» (1880-1882). Огюст Роден. Париждеги Роден музейи.

Америкалык жазуучу Дэвид Вейс «Мен жылаңач келдим» деген китебинде жазгандай, Роден өмүрүндө сүйүктүү да, жек көрүндү да скульптор болду. Ал билермандардын эң жогорку баасын алды, аны жыгылган чобурдай тепилешти, анан «улуу новатор» деп көкөлөтө макташты, аны «скульптуранын революционери» деп аташты, бирок эң консервативдүү чөйрөлөрдө кабыл алышты. Өкмөт жана расмий мекемелер ага тарыхый эстеликтерди жасатмак болушту, бирок кийин ал жасаган шедеврлерден баш тартышты. Ал 1917-жылы көз жумган кезде Родендин «Ойчулу» жана «Өбүшүүсү» Атлантика океанынын эки тарабында чыккан искусство боюнча бардык сөздүктөргө кирсе, бүгүн «Кале шаарынын жарандары» - дүйнөнүн төрт континентиндеги музейлеринин сыймыгы.

Огюст Родендин «Кале шаарынын жарандары» деген скульптуралык композициясын көргөн адамда «Непадам өлкө башына каран түн түшсө, бизде да өз жанын курмандыкка чалып, калкын кыйынчылыктан куткарчу эл жакшылары табылабы?» деген суроо сөзсүз пайда болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG