Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Искендер Зулкарнайн тирүүлөй көмүлгөнбү?


Искендер Зулкарнайн (б.з.ч. 356-323-жж.)
Искендер Зулкарнайн (б.з.ч. 356-323-жж.)

Квант үч абалда аралыкка берилди. Келерки 80 жылда өсүмдүктөрдүн 110 түрү тыйпыл болот. Уйкунун бузулганы жүрөккө зыян. Окумуштуулар Искендер Зулкарнайн тирүү көмүлгөн деген жаңы версияны айтышты.

Төрт жыл сайын беш өсүмдүк жок болууда

Түштүк Африкадагы биологиялык көп түрдүүлүктүн ысык очогунда (biodiversity hotspots) соңку үч кылымда өсүмдүктүн 79 түрү тамыр курут болгону тастыкталды. Ал ысык очоктуу жайга: Кап флора аймагы, Саккулент Кару экоаймагы, Мапуталанд-Пондоланд-Олбани коридору (the Cape Floristic Region, the Succulent Karoo, the Maputuland-Pondoland-Albany corridor) кирет.

Бул дүйнөдөгү биологиялык көп түрдүүлүктүн 10 ысык очогунда тыйпыл болгону маалым өсүмдүктөрдүн 45,4% түзөт. Дүйнөдө адамзаттын жашоо чөйрөсүнүн коркунучуна кабылган биологиялык көп түрдүүлүктүн 36 ысык очоктуу жайы бар.

Профессор Жако Ле Ру жана доктор Хайди Хирш баштаган эл аралык окумуштуулар Түштүк Африканын Стелленбош университети (Prof Jaco Le Roux and Dr Heidi Hirsch, the Centre for Invasion Biology at Stellenbosch University Stellenbosch University) менен кызматташып, 1700 жылдан бери жок болгон 291 өсүмдүктөргө тиешелүү маалыматтарды изилдеп чыгышкан. Изилдөө биологиялык көп түрдүүлүктүн ысык очоктуу 10 жайын жана алты муздак очоктуу жайын камтыйт. Бул 15 очоктун жалпы аянты Жер бетинин дээрлик 15% барабар.

Окумуштуулардын изилдөөсү 1990-жылдан тартып жыл сайын 1,26 өсүмдүк жок боло баштаганын аныктаган. Бул акыркы 300 жылдагы эң чоң көрсөткүч. Үч кылымдын эң каат жылдарында эң байыркы доорго салыштырганда өсүмдүктөр 350 эсе көп кырылган.

Мындай ыраат сакталса, жогоруда аталган жайларда 2030-жылга чейин өсүмдүктүн 21 түрү, 2050-жылга чейин 47 түрү жана 2100-жылга карай 110 түрү тыптыйпыл болот.

Проф. Жако Ле Ру баштаган окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы башка изилдөөлөрдө айтылган божомолдордон айырмаланат. Ал изилдөөлөрдө 2100 жылга чейин Жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн 390 000 түрүнүн теңи жок болот деген божомол жасалган. «Мындай болгондо биз изилдеген аймактарда келерки 80 жылда өсүмдүктүн 49 000 түрү жок болмок. Андай алаамат Жерге астероид тийгенде гана болушу мүмкүн!» - деп белгиленет макалада.

Илимпоздор чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу өсүмдүктөр кабылган коркунучту терең түшүнүш үчүн чөлкөмдөр жана өлкөлөр боюнча биологиялык көп түрдүүлүктү талдап чыгыш абзел деп эсептешет.

Окумуштуулар белгилегендей, климаттын өзгөрүшү менен катар биологиялык көп түрдүүлүктүн жоголушу адамзат үчүн чоң коркунуч туудурат. Климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында жашоо чөйрөсүнүн кыйратылышы өсүмдүктөргө чоң апаат алып келет. Себеби, өсүмдүктөр өз уруктарын алыс аралыкка чачып көбөйө албай калышат.

Өсүмдүктүн түрлөрү дүйнөгө тегиз жайылган эмес. Мисалы, Мадагаскар аралында өсүмдүктүн 12 миңден көп түрү өсөт жана алардын 80% дүйнөнүн башка бөлүгүндө кезикпейт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.cell.com)

Искендер Зулкарнайн тирүүлөй көмүлгөнбү?

Жаңы изилдөөгө караганда, Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) шал абалында алты күн жатып, анан көмүлгөн. Улуу кол башчы тирүүлөй өлүккө айлангандан мурун өз жоролору менен эки түн катар ичкилик ичкендиктен Гийен-Барре синдромуна (Guillain-Barré Syndrome) кабылган. Киши бул илдетке кабылганда иммундук системасы мээсинен жана жүлүнүнөн сырткары жактагы нервдерди (перифериялык нерв системасын) иштен чыгарат.

Жаңы Зеландиялык окумуштуу Катерин Холл (Katherine Hall, University of Otago) айымдын мындай тыянакка келишине Искендер Зулкарнайндын денеси өлдү деп тастыкталгандан кийин ныпым бузулбай алты күн бою сакталганы тууралуу маалымат негиз болду.

Кол башчы инфекциядан же ичкиликти ашыкча көп ичкенден же киши колдуу болуп өлгөн деген да жоромолдор бар.

Искендер Зулкарнайн Александрия шаарынын курулушунда. Италиялык сүрөткер Плачидо Костанци 1736-1737-жылдары тарткан.
Искендер Зулкарнайн Александрия шаарынын курулушунда. Италиялык сүрөткер Плачидо Костанци 1736-1737-жылдары тарткан.

Тарыхый маалыматтар боюнча Искендер Зулкарнайндын оорусу эки күндүк үлпөттөн соң башталган. Анын биринчи күнү кол башчы 5,6 литр шарап ичсе, эртеси күнү дагы ошончо шарап ичкени айтылат. Ушул ичимдик дарыядай аккан эки күндүк отуруштан кийин даңазалуу кол башчы ооруп калып, 11 күндөн кийин көз жумган.

Жаңы анализде Искендер Зулкарнайн жаны чыкканга чейин алты күн бою шал болуп жатканы боолголонот. Ошон үчүн Жер Ортолук деңиздин ысык климатына карабай, дарыгерлер өлдү деп жарыялагандан кийин да алты күн денеси бузулган эмес.

Улуу кол башчы б.з.ч. 323-жылы 10-июнда Вавилондо дүйнөдөн кайтып, андан алты күндөн кийин көмүлгөнүн, бирок сөөгү эч бузулбай сакталганын байыркы грек тарыхчысы Плутарх да жазган. Зулкарнайндын кандай өлгөнү жөнүндө жалпысынан беш күбөнүн маалыматы бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.

Тарыхый жазууларда 32 жаштагы кол башчынын денесинин чириши кечеңдегенине байланыштуу температурасы жогорулап, ичи катуу ооруп, тулкусу шал болгону менен акылы тунук бойдон (compos mentis) калганы айтылат.

«Александр мурда кабыл алынгандан алты күндөн кийин өлгөнү тууралуу жаңы талкууну баштоо жана тарых китебин кайра жазуу мүмкүнчүлүгүн ортого салгым келди. Анын өлүмүн псевдотаната же өлүм жөнүндөгү жалган диагноздун эң белгилүүсү десе болот», - деп түшүндүрөт д-р Холл. ал саркофагга салганда Искендер Зулкарнайн тирүү болушу ыктымал деп боолголойт.

Дээрлик дүйнөнүн жарымын багындырды деп эсептелген Искендер Зулкарнайн кайсы дарттан көз жумганы жөнүндө так медициналык маалымат жок. Ошон үчүн атактуу кол башчынын өлүмү тууралуу эки миң жылдан ашык убактан бери түрдүү божомолдор айтылып келет.

(Булагы: https://www.dailymail.co.uk, https://www.smithsonianmag.com)

Квант үч абалда аралыкка берилди

Австрия менен Кытайдын окумуштуу-физиктери дүйнөдө биринчи жолу үч өлчөмдөгү кванттык абалды кванттык телепортация кылышты.

Физика дүйнөсүндө маалымат китеп, телевизор, компьютер, уюк телефон жана башка ушул сыяктуу шаймандар аркылуу берилет. Ал эми квант дүйнөсүндө маалымат жарыктын бөлүкчөсү - фотон менен берилет.

Илимпоздор кечээ жакынга дейре кванттык телепортация боюнча эксперимент жүргүзгөндө кубит деп аталган кванттык биттер менен иштешчү. Австриялык жана кытайлык физиктер маалыматты кванттын үч абалдагы бөлүкчөсү – кутрит (qutrit) менен кванттык телепортация кылышты.

Кванттык эсептөөлөр жана коммуникация үчүн жаңы табылганын мааниси зор. Эми квант желелер маалыматты чоң көлөмдө алмашууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул маалымат алмашууда болчу каталарды жана хакерлердин кол салуусун азайтат.

Классикалык эсептөөлөрдө маалыматты сактоо жана берүү максатында 1 жана 0 абалындагы биттер, ал эми кванттык эсептөөлөрдө кубит колдонулат. Кубиттер бир эле учурда 1 жана 0 абалынан башка да суперпозиция деп аталган эки абалда болот.

Кутрит 0, 1 жана 2 деген базалык мааниде (абалда) боло алат. Ал эми кутриттин суперпозициясы эки же үч базалык абалдын кайсы бир комбинациясында болот. Бул өз кезегинде кванттык компьютерде талданып, иретке салынчу же кванттык желе аркылуу берилчү маалыматтын көлөмүн көп эсе көбөйтөт жана азыркыдан алда канча коопсуз кванттык Интернетти түзгөнгө жол ачат.

Кутрит фотондун агымын мейкиндикте бири-бирине абдан жакын учкан үч бөлүккө ажыратуу аркылуу алынган. 1990-жылдардан бери маалыматты көп өлчөмдө кванттык телепортация кылуу мүмкүн экени теориялык жактан белгилүү эле.

Бирок да Австрия илимдер академиясынын Кванттык оптика жана кванттык маалымат институтунун окумуштуусу Мануэл Эрхард (Manuel Erhard) билдиргендей, көп өлчөмдөгү телепортацияны жүзөгө ашырыш үчүн эксперименталдык ыкма, ошондой эле зарыл технология иштелип чыккан.

Кытайдын Илим жана технология университетинин изилдөөчүсү Цзян-Вэй Пэндин (Jian-Wei Pan) сөзүнө караганда, алардын бүгүнкү фундаменталдык изилдөөлөрү кванттык желе системасынын келерки муунуна негиз болот. Квантты изилдөөгө адистешкен физиктердин эмки максаты - мааниси төрт абалдагы кукварттарды (ququarts) түзүү жана телепортациялоо.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://phys.org)

Уйкунун бузулганы жүрөккө зыян

Уйку жетишсиз болсо, кишиде жүрөктүн ишемия оорусуна кабылуу коркунучу күчөйт. Уктай албай кыйналган кишилерде жүрөктүн ишемия оорусуна жана жүрөк илдетине кабылуу, инсульт болуу коркунучу жогорулайт, деп эскертет швециялык жана британиялык оумуштуулар.

Буга чейинки обсервациялык изилдөөлөр уйкусуздук менен инсульт жана жүрөк ооруларынын арасында байланыш бар экенин айкындаган. Бирок соңку изилдөөнүн жетекчилеринин бири Сусанна Ларссон билдиргендей, обсервациялык изилдөөлөр «Уйкусуздук жогоруда аталган дарттарга себепчиби же алар менен жөн гана байланыштабы?» деген суроого жооп таба алган эмес.

Д-р С. Ларссон - Стокгольмдогу Каролинска институтунун (Susanna Larsson, Karolinska Institutet in Stockholm, Sweden) доценти.

Уйкусуздуктан АКШ калкынын 30% жакыны, 18 жана андан өйдө курактагы канадалыктардын 24% жабыркайт.

Ларссон айым жана анын кызматташтары уйкусуздукту изилдөөдө Менделдин рандомизациясы деген ыкманы колдонушту. (Бул ыкмада эксперимент көп сандагы адамдар менен эмес, генетикалык жактан ар түрдүү жана кылдат тандалып алган адамдар менен жүргүзүлөт). Себеби, уйкусуздукка кишинин генетикасы да таасир этет. Бул изилдөө үчүн жүрөк-кан тамыр оорусу бар жана инсульт болгон, ошондой эле андай ооруга мурда кабылбаган 1,3 миллион адам тандалып алынган.

Адистер уйкусуздукка себепчи болгон геномдору бар кишилердин жүрөк ишемия оорусуна, жүрөктүн арсар иштешине (аритмия) жана ишемиялык инсультка кабылуу ыктымалдыгы жогорку болорун аныкташкан.

«Уйкусуздуктун себебин тактап, аны дарылоо (жок кылуу) маанилүү,- дейт С. Ларссон айым. – Уйку - бул жүрүм-турум. Аны өзүңдүн жаңы турум-турумуң аркылуу жана стрессти башкарып өзгөртсөң болот».

Илимпоз айым уйкусуздук салмактын өсүшү, кан басымдын көтөрүлүшү, 2 типтеги диабет сыяктуу жүрөк-кан тамыр ооруларын жаратчу ооруларды пайда кыларын да эскертти.

Уйку жана өпкө боюнча адис, д-р Эндрю Стим (Andrew Stiehm) уйкусуздук жүрөк илдетине түрткү болору белгисиз экенин, бирок уйкусуздук кан басымын көбөйтөрүн жана жүрөк оорусу уйкусуздукка себепчи болорун, кант диабети менен байланышкан невропатия бут-колдун учтарын зыркыратып оорутуп, уйкуну бузарын белгилейт.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://www.sciencedaily.com, https://www.healthline.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG