Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:23

Алма менен чайдын дарылык жаңы касиети


Жапондордун чай ичүү каадасы Тбилисинин Ботаникалык багында өтүүдө. 24-октябрь, 2018-жыл.

Киши Марска бир жолу гана уча алат. Бактериялар агымга каршы кантип сүзүшкөнү белгилүү болду. Эрендиктин Х хромосомасын У хромосомасынан бөлүп алуунун жаңы жолу. Алма жана чай өсмө шишиги менен жүрөк-кан тамыр дартынан сактайт.

Космонавт Марска бир жолу гана уча алат

Космонавттар орбитада учуп жүргөндө бир суткада Жердеги адамга караганда 200 эсе көп радиация алат. Ошондуктан космонавттар үчүн нурлануунун нормасы бар. Орусиялык космонавттардын бир жылдык нурлануу дозасы 200 миллизиверт, ал эми өмүрлүк дозасы 1000 миллизиверттен ашпоого тийиш.

Азыр Эл аралык космостук станцияда 1 жыл иштеген космонавт 220 миллизиверт радиация алат. Узакка космоско учканда кишиге галактикалык жана күн-протон нурлары таасир этет.

«Адамзат Марска уча баштаса, космонавт Кызыл планетада бир гана жолу боло алат, - дейт Орусия Илимдер академиясынын Медициналык-биологиялык маселелер боюнча институтунун космостук кемелердин радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Шуршаков. - Анткени миссия убагында космонавт мүмкүн болгон өлчөмдө - 1000 миллизиверт нурлануу алат».

НАСА Марска жөнөткөн марсжүргү жашыл планетаны бургулоодо.
НАСА Марска жөнөткөн марсжүргү жашыл планетаны бургулоодо.

Доцент Шуршаковдун айтымында, 1000 миллизиверт дозага нурланган космонавт болжол менен үч жылга кем жашайт. Ашыкча радиациядан кишинин эстутуму, аңдап-түшүнүү жөндөмү, координациясы начарлайт, борбордук нерв системасына доо кетет.

Космостук нурлар гелий, кычкылтек же темир сыяктуу оор элементтерден турат.

«Маселеге консервативдүү карачу болсок, 100 күнгө жакын алыскы космосто учса болот. Бирок галактикалык радиацияга кабылган киши эмне болорун эмгиче билбейбиз. <...>. Кишини космоско учуруш үчүн көзүнө жасалма чечекей орнотуш керек. Америкалык адистер эскерткендей, астронавттын миссиясы узарган сайын көздүн чечекейинин тунарышын (катаракта) күчөтүүчү таасир көбөйө берет», - деди В. Шуршаков.

АКШнын Космосту изилдөө агенттиги – НАСАнын директору Жим Брайденстайн (James Frederick Bridenstine) 15-июлдагы басма сөз жыйынында Марска буту тийген биринчи марсонавт аял киши болушу мүмкүн экенин эскерткен. Ал НАСАнын 2024-жылы Айда туруктуу база куруп, 2033-жылы Марсты өздөштүрүүгө киришүү боюнча максаты бар экенин билдирген.

Марска жөнөтүлгөн кемелер Кызыл планетага жетиши үчүн алты айдан он айга чейин убакыт керек.

(Булагы: https://tass.ru/nauka, https://www.space.com)

Бактериялардын агымга каршы сүзүшүнүн формуласы

Бактериялардын агымга каршы сүзүшү, айрыкча суу түтүктөрү же медициналык катетер аркылуу кантип жайылганы белгисиз эле.

Эл аралык окумуштуулар тобу эксперименттердин жана математикалык эсептөөлөрдүн натыйжасында бактериялардын агымга каршы сүзүү жөндөмүн мүнөздөгөн формуланы тапты. Формула түтүктүн ички бетин өзгөчө ыкма менен жасап, бактериялардын сүзүү ылдамдыгын азайтууга жол берет.

Escherichia coli бактериясынын чоңойтулган сүрөтү.
Escherichia coli бактериясынын чоңойтулган сүрөтү.

Бир топ бактериялар, анын ичинде Escherichia coli бактериясы куйругундагы майда чыбыкчаларынын жардамы менен жылышат.

«Бул балыктын кыймылына такыр окшобойт. Балыктар агымдын багытын сезишет жана кайсы багытта сүзүүнү өздөрү чечет. Бактериялар кыйла жөнөкөй. Алардын жүрүм-турумун өтө жөнөкөй физикалык мыйзам менен түшүндүрсө болот», - дейт эл аралык илимий топтун мүчөсү, Вена технологиялык университетинин изилдөөчүсү Андреас Цөттл (Andreas Zöttl, Institute for Theoretical Physics at Vienna University of Technology).

Суюктук көлчүктөп калган жайларда, анын ичинде ваннада, сууга чайканчу кабинада, таштанды суулар агуучу ноодо, ал түгүл катетерде бактериялар топтолот.

«Бактериялардын мындай заттардын бетиндеги жүрүм-туруму абдан кызыктуу, - дейт Андреас Цөттл. - Себеби, бактериялар көбүнчө заттардын бети менен агымга каршы көчүшөт. Ошондуктан бактериялар сууга агып кетпейт».

Д-р Андреас Цөттл математикалык ыкмаларды пайдаланып, бактериялар агып аткан суюктукта өздөрүн кандай алып жүрүшкөнүн, куйругундагы майда чыбыкчалары агымга каршы кандай аракеттенерин эсептеп чыкты. Көрсө бактериялар агымдын күчүнө жараша аракеттенишет экен. Агым жай болсо бир орунда аркы-терки сүзүп жүрүп, учуру жеткенде агымга каршы сүзө башташат. Агым ылдамдаганда суюктуктун үстүндө айланчыктап турушат же эки жаатка бөлүнүп, түрдүү багытта сүзүп жөнөшөт.

Ушуга удаа эле ESPCI Paris (École supérieure de physique et de chimie industrielles de la Ville de Paris) университетинде көзөмөлдөнүп турчу микроскопту пайдаланып, бактериялардын өз алдынча жылышын өлчөөнүн жаңы технологиялык ыкмасы иштелип чыкты. Бул ыкма менен бактериялардын кыймылын өлчөө алардын кыймылы доктор Цөттл түзгөн формулада сыпатталгандан айырмаланбаганын көрсөттү.

«... формулага ар кандай нерселер таасир эте албайт. Ошондуктан биздин формуланы түрдүү бактериялардын кыймылын өлчөш үчүн колдонсо болот. Ал түгүл клетканын плазмасында сүзүүчү ДНК жибинин кыймылын жаңы теорияны пайдаланып, туура сүрөттөсө болот», - деди Андреас Цөттл. Анын айтымында, келечекте бактериялардын агымга каршы миграциясын токтотуш үчүн сырты белгилүү бир геометриялык түзүмгө окшош катетер жасалышы мүмкүн.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.innovationtoronto.com)

Жасалма уруктандыруу: уул каалайсызбы же кызбы?

Жапон окумуштуулары X - хромосому бар сперматозоиддерди Y-хромосому бар сперматозоиддерден бөлүп алуунун жаңы технологиясын иштеп чыгышты.

Хиросима университетинин Масаюки Шимада башында турган окумуштууларынын табылгасы жөнөкөй химиялык жол аркылуу эркектер менен аялдардын теңме-тең катышын (50/50) кескин өзгөртүүнү мүмкүн кылат.

«Бул изилдөө - уруктануу жөндөмү жагынан X – сперматозоиди менен Y- сперматозоидинин арасында функционалдык айырма бар экенин айгинелеген биринчи изилдөө», - деди д-р Масаюки Шимада (Masayuki Shimada).

Чычкандар менен жүргүзүлгөн изилдөө Х хромосомунда 500дөй ген болорун, алардын кээ бирлери жетилип бараткан эрендикте (сперма) жандуу бойдон кала берерин, Y хромосомунда андай көп ген болбой турганын аныктаган. Бул 500 гендин ичинен 18 ген клеткага сырткы жагдайлардын тийгизген таасирин (клетканын дүүлүгүсүн) нерв импульсуна айлантчу рецепторлорду коддойт.

Окумуштуулар изилдөөнү Тол сыяктуу 7- жана 8- рецептор (TLR7 / 8) менен жүргүзүшкөн. Бул эки рецептор менен карым-катнаштагы химиялык заттар сперматозоиддердин урукташуу жана жашоо жөндөмүнө зыян тийгизбестен алардын кыймылын азайтат. Бул кубулушка эрендиктин энергия иштеп чыгышы бузулганы себеп болгону аныкталган. Андай таасирге эрендикти тийиштүү химиялык зат менен «актап» жетишсе болот. Чычкандардан алынган сперматозоиддерди энергияны азайтуучу химиялык зат менен актап, эң шамдагай сперматозоиддер менен уруктандырганда пайда болгон түйүлдүктөр (эмбрион) менен мөндөлөйлөрдүн 90% эркек болгон. Ал эми илең-салаң кыймылдаган сперматозоиддер менен уруктандырганда мөндөлөйлөрдүн 81% ургаачы туулган.

Д-р Шимаданын пикиринде, кишинин сперматозоиддеринде TLR7 / 8- рецепторлору бар болсо, жынысты тандоо технологиясын пайдаланып, ата-энелердин каалаган тилегин аткарса болот.

Азыр сперматозоиддерди ылгоо (сорттоо) үчүн агынды цитометрия (орусча проточная цитометрия (flow cytometry), англисче Beltsville Sperm Sexing Technology) ыкмасы колдонулат. Бул ыкманы колдонгондо эрендиктер флуоресценттүү жукма ДНК менен боёлуп, кийин X жана Y хромосомдору ылгап алынат. Анткени Х хромосому Y хромосомуна караганда узун болгондуктан, боёкту өзүнө көп сиңирип алат жана аларга ультракызгылткөк жарык багытталганда, Х хромосому көбүрөөк жалтырайт.

Масюки Шимаданын айтымында, ал өз кесиптештери менен иштеп чыккан технология агынды цитометрия ыкмасынан кыйла арзан. Ага карабай, жаңы технологияны кеңири пайдаланууга айрым бир этикалык жагдайлар азырынча жол бербейт. Мисалы, АКШда ата-энелер болочок баласынын жынысын аныкташ үчүн агынды цитометрия ыкмасын колдонсо болот. Британияда түйүлдүктү тандоого мыйзам уруксат бербейт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.the-scientist.com, https://journals.plos.org)

Алма жана чай өсмө менен жүрөк-кан тамыр дартынан сактайт

Алма жана чай сыяктуу флавоноиддерге бай азык-түлүк кишини өсмөдөн (рак) же жүрөк-кан тамыр ооруларынан коргойт. Аларды керектегендердин арасында бул эки дарттан көз жумгандар сейрек кездешет жана чылымкорлор менен күнүнө эки бокалдан көп ичкилик ичкендердин арасында мындай илдеттен өлгөндөр кескин азайган. Муну Австралиянын Эдит Коуэн университетинин (Edith Cowan University) аалымдарынын изилдөөсү көрсөттү.

Флавоноиддер чылым чегүү менен ичкиликти көп ичүүнүн туундусу болгон өлүмдүн жогорку даражадагы коркунучун нейтралдаштырбайт. Бирок флавоноиддерге бай тамак-аш кишинин ичкилик ичкиси жана чылым чеккиси келген напсисин басып, жашоо сапатын жогорулатышы мүмкүн.

Күнүнө 500 граммдан көп флавоноид керектеген кишилерде өсмө жана жүрөк-кан тамыр системасынын илдетине кабылуу коркунучу эң төмөн болгон.

«Түрдүү азык-түлүк менен ичимдиктердин курамындагы флаваноиддердин ар кыл кошундуларын колдонуу маанилүү, - деди доктор Никола Бондоно (Nicola Bondonno). - Муну диетанын жардамы менен оңой эле жасап алса болот: Бир пияла чай, бир алма, бир апельсин, 100 г кара моюл жана 100 г брокколи флавоноиддердин кеңири ассортиментин жана 500 мг көп флавоноид берет».

Флавоноиддер организмди сезгенүүдөн сактоочу касиетке ээ жана кан тамырлардын ишине көмөктөшөт.

Эдит Коуэн университетинин окумуштуулары Даниянын онкологиялык коому менен Онкологиялык эпидемиология институтунун «Диета, өсмө жана саламаттык» программасы боюнча 23 жылда топтолгон маалыматтарды талдап чыккан соң ушундай тыянакка келишти. Диетага жана жарандардын тамактануу өзгөчөлүгүнө байланыштуу бул изилдөө 53 048 кишини камтыйт.

Никола Бондоно айымдын айтымында, изилдөө флавоноидге бай азык-түлүк менен тамактанган кишилерде өлүм коркунучу төмөн болгонун аныктаган.

«Флавоноиддерди колдонуу - чылым чегүү менен алкоголду көп ичүүнүн туундусу- өлүп калуу коркунучунун азайтпайт, - дейт д-р Бондоно. - Киши чылым чеккенди биротоло таштап, ичкилик ичкенди азайтып гана ден соолугу үчүн баа жеткис жакшылык кылат».

Бирок буга көп адамдардын эрки жетпейт. Ошондуктан флавоноиддерди керектөөнү колдоо бул жамандыкты азайтуунун жаңы жолу болушу мүмкүн.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG