Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:24

Тулкусу чорсоот менен капталган кескелдирик


Комод кескелдириги.

Чай мээнин саламаттыгын оңдойт. Зыяндуу газдар кошуп жасалган бетон. Түнкү асмандан электр кубатын өндүрчү күн панели. Денеси чорсоот менен капталган комод кескелдириги.

Тулку чорсоот менен капталган ажыдаар кескелдирик

Комод кескелдиригинин түрпүлүү терисинин астында олпогу бар экенин АКШнын Техас университети менен Форт-Уэрт зоопаркынын окумуштууларынын изилдөөсү көрсөттү. Алар өлгөн кары жана жаш кескелдириктердин тарптарын компьютердик томографиянын жардамы менен кылдат изилдеп, олпок жаныбарды мурдунун учунан тартып куйругунун учуна чейин каптаганын, аны корголдой сөөктөр тиш өтпөс кыларын, бирок мындай соот кийим жаш кескелдириктердин денесинде болбосун аныкташты.

Комод кескелдиригинин тери чорсооту.
Комод кескелдиригинин тери чорсооту.

Комод кескелдириги илимий булактарда комод ажыдаары (Komodo dragon) деп да аталат.

Индонезиянын Комод аралдарын байырлаган Varanus komodoensis бүгүнкү кескелдириктердин эң чоңу, эң күчтүүсү болуп саналат. Узундугу 3 метрге, салмагы 135 килого чейин жетет. Күүлөнгөндө саатына 20 чакырым ылдамдыкта чуркайт. Алар ийинин 9 метрге чейин терең казып, жумуртка тууйт. Ал эми жумурткадан чыккан балдарынын бою жарым метрге жакын болуп, алгачкы бир нече айды дарактардын башында өткөрүшөт.

Чоңдору кичинелерин жеп тамактанышат; буктурмадан доңуз, бугу, буйвол жана башка чоң айбанаттарга кол салышат; бирок негизги тамагы - малдын тарпы.

Окумуштуулардын айтымында, комод ажыдаарына олпок өз уруулаштары кол салганда коргонуу үчүн керек.

«Комод кескелдиригинин жаштары бир кыйла убактысын дарактын башында өткөрүшөт. Алар чоңоюп, дарактан жерге түшчү мезгили жеткенде өз тукумунун өкүлдөрү менен жаңжалдаша баштайт. Ошо кезде аларга кошумча олпок жардамдашат», - дейт Техас университетинин профессору Кристофер Белл (Christopher Bell).

Комод «ажыдаарынын» сүрөтү чегилген Индонезия рупийинин монетасы.
Комод «ажыдаарынын» сүрөтү чегилген Индонезия рупийинин монетасы.

Илимпоздор үчүн комод кескелдиригинин ичинде сөөк өскөн терисинин - остеодерминин көп түрдүүлүгү күтүүсүз жаңылык болду. Доктор Жессика Майзанонун (Jessica Maisano) айтышынча: «Көпчүлүк кескелдирик-терде курт сыяктуу остеодермдери бар, а бул жандыкта анысы төрт түрдүү. Мунусу кескелдириктер үчүн мүнөздүү эмес».

Окумуштуулар жакында комод кескелдиригинин канынан антибиотикти алмаштырчу белокту алышкан. Бул белок бактериялуу инфекцияга каршы күрөшүүдө антибиотиктерге альтернатива болушу мүмкүн.

(Булагы: https://www.britannica.com, https://www.sciencemag.org, https://news.utexas.edu/)

Көмүр кычкыл газы бетонго зарыл минералга айлантылды

Курулуш өнөр жайында бетон жасоодо эң көп керектелген заттардын бири - көмүртек. Бетондун курамына суу, кум, шагыл, цемент кирет. 1 тонна цемент өндүрүлгөндө атмосферага 1 тонна көмүртектин кош кычкылы - СО2 бөлүнөт. Бул дүйнөлүк өндүрүш атмосферага бөлгөн көмүртектин кош кычкылынын 5% түзөт.

Бетон өндүрүү процесси абага эң көп көмүртек бөлгөн беш өндүрүштү бири деп саналат.

Бетон жана цемент боюнча глобалдык ассоциациянын (Global Concrete & Cement Association) маалыматына ылайык, цемент - дүйнөдөгү суудан кийин эле көп керектелген материал.

АКШнын Гавайи штатында көмүртекти бөлбөй, тескерисинче, өзүнө соруп алчу инновациялык материал сынактан өтүүдө. Андай бетонду өндүрүү процесси көмүр кычкыл газын өндүрүштүк булагынан жутуп, бетон аралашмага бүрккөндө химиялык реакция жүрөт. Реакциянын натыйжасында көмүр кычкыл газы кальцийдин катуу карбонатына айланат. Мындай жол менен алынган бетон аралашма башка ингредиенттер менен кошулуп, көмүр кычкылтегине карк бетон даяр болот.

Цемент чыгарчу заводдун морунан чыгып жаткан зыяндуу газдар. Дүйшөмбү шаары.
Цемент чыгарчу заводдун морунан чыгып жаткан зыяндуу газдар. Дүйшөмбү шаары.

Жаңы бетондун сапатын жол курулушунда текшерип көрүш үчүн Гавайи штатынын Транспорт министрлиги эксперименталдык программа баштады. Инновациялык бетонду даярдоо технологиясын атактуу «CarbonCure» компаниясынын адистери иштеп чыгышкан.

Компания ырастагандай, береги технологиянын негизинде жасалган бетон абага зыяндуу заттарды, анын ичинде көмүр кычкыл газын аз бөлөт, кадимки бетонго салыштырганда алда канча бышык да, кирешелүү да.

«Өнөр жай ишканалары, анын ичинде күнөсканалар бөлгөн газды бетонго такай кошулчу минералга айлантып, абаны булгачу таштандыларды биротоло жок кылабыз, - дейт «CarbonCure» компаниясынын улук директору Кристи Гэмбл (Christie Gamble). - Андан да маанилүүсү - минералдаштыруу процесси бетонду ого бетер бышык кылат. Бул бетон өндүрүүчүлөрдүн цементти аз пайдаланышына мүмкүндүк берет».

Быйыл апрелде Гонолулу шаардык кеңеши калаадагы бардык жаңы долбоорлордо көмүр кычкыл газы менен байытылган бетонду пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын артынан эле Техастын Остин шаардык экологиялык комиссиясы да жаңы бетонду колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгууну бир добуштан колдогон.

Энергетика боюнча эл аралык агенттик билдиргендей, көмүр кычкыл газын абага учурбай кармоо глобалдык температуранын орточо өсүшүн 2060-жылга карай индустриалдык доорго чейинки деңгээлден 2º C төмөнкү чекке түшүрүш үчүн маанилүү.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.businesslive.co.za)

Түнкү асмандан электр кубатын өндүрчү күн панели

Түнкү жарыкты жаратчу шаймандын негизги элементи - термоэлектрогенератор. Термоэлектрогенератордун бир бети экинчи бетинен суугураак болгон кезде электр кубатын өндүрөт. Анын асманды караган бети тунук капкактуу алюминь пластинага жабыштырылган. Ал жылуулуктан коргоочу изолюция менен курчалган. Айланасындагы аба пластинаны дамамат ысытып турат. Түнкүсүн Күн өйдөңкү пластинаны кактап ысытпай турганда, ал генератордун астынан эки градустай муздак болуп, өзүндөгү жылуулукту терморадиация катары атмосферага берет.

Бул феномен аяздуу түндө эмне үчүн чөпкө кыроо түшкөнүн түшүндүрөт. Ушул эле принципти жана пластинанын эки бетиндеги температуранын ажырымын түнкүсүн - жарыкка талап өскөн кезде, орду толукталып турчу энергия өндүрүүгө колдонулган.

Калифорния университетинин доценти Асват Раман (Aaswath Raman UCLA), Стэнфорд университетинин инженерлери Вэй Ли менен Фан Шанхуэй (Wei Li & Shanhui Fan Stanford University) жана анын шериктери жаңы шаймандын 20 см прототибин былтыр декабрда Калифорнияда сынап көрүшкөн.

Түнкү асмандан энергия алчу генератор шаймандын 1 чарчы метр аянтына 25 милливаттка жуук электр кубатын өндүргөн. Бул энергия диоддук лампаны күйгүзгөнгө жарайт. Ал эми бир нече чарчы метр түнкү панел өндүргөн энергия бир чакан бөлмөнү жарык кыла алат.

Инженерлер боолгологондой, шаймандын конструкциясы жакшыртылса, солярдык панелдин 1 чарчы метр бети кеминде 0,5 Вт ток өндүрөт.

«Абдан акылдуу идея. Түнкү генератор күн панелине салыштырганда электр кубатын аз өндүрөт, бирок аны авария учурунда же электр түйүнүнө туташтырылбаган жайларда кошумча энергия булагы катары пайдаланса болот», - дейт ачылыш жөнүндө доцент Юан Ян (Yuan Yang, UCLA).

Доцент Асват Рамандын айтымында, жаңы генератордун чоңойтулган версиясын алыскы метеорологиялык станциядарда, үч айга жакын күн тийбеген Түндүк жана Түштүк уюлда, телефондорду дүрмөттөш үчүн, ошондой эле электр кубаты жетишсиз жерлерде колдонсо болот. Ал жерлерде түнкүсүн күн панелдери иштебегендиктен, түндө электр кубаты кыйла тартыш болот.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Чай мээнин саламаттыгын жакшыртат

Такай чай ичкен адамдардын мээ тарамдары чай ичпегендердин мээ клеткаларына салыштырганда жакшы байланышат. Мындай илимий ачылыш улуу курактагы 36 кишинин нейровизуалдык маалыматтарын изилдөөнүн негизинде жасалды.

«Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы - чай ичүү мээнин түзүлүшүнө оң таасир эткенинин биринчи далили жана ал дамамат чай ичкен мээни карылыкка байланыштуу уюмдашуунун төмөндөшүнөн коргойт деп жоромолдоого негиз берет»,- деди илимий топтун жетекчиси, Cингапур улуттук университетинин доценти Фэн Лэй (Feng Lei, NUS Yong Loo Lin School of Medicine).

Бул изилдөөнү Эссекс жана Кембриж университети (University of Essex & University of Cambridge) чогуу жүргүзгөн.

Доцент Фэн 2017-жылы жарыялаган изилдөөгө ылайык, күн сайын чай ичүү улгайган кишилердин когнитивдик функциясынын төмөндөө коркунучун 50% азайтат. Ошондой эле ысык чай глаукомасы (көздүн ичиндеги бийик басым) бар адамдар үчүн пайдалуу.

Украина президенти В. Зеленскийдин сүрөтү түшүрүлгөн чай баштык. 16-май, 2019-жыл.
Украина президенти В. Зеленскийдин сүрөтү түшүрүлгөн чай баштык. 16-май, 2019-жыл.

Ушул илимий ачылыштан соң доц. Фэндин командасы чайдын мээнин тарамдарына түз таасирин изилдөөнү уланткан. Ал үчүн 60 жаштагы жана андан улуу курактагы 36 кишини бөлүп алып, алардын ден соолугу, жашоо жолою, психологиялык сак-саламаттыгы тууралуу маалыматтар жыйналган. Андан тышкары береги кишилер нейропсихологиялык тесттен жана магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өткөрүлгөн. Бул изилдөө 2015-2018-жылдары жүргүзүлгөн.

Окумуштуулар бул кишилердин аңдап билүү жөндөмүн жана визуализациясынын жыйынтыгын талдап, 25 жылдай жумасына төрт күндөн кем эмес көк чай, улун чай же памил (кара) чай ичкендердин мээ тарамдарынын карым-катнашы чай ичпегендердин мээ облустарына салыштырмалуу алда канча натыйжалуу экенин көрүшкөн.

«Мисал катары жол кыймылын алгыла: мээнин тарамын - автоунаа барчу жай, ал эми мээ тарамдарынын ортосундагы катнашты - жол деп түшүнгүлө. Жол системасы жакшы уюштурулса, транспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдүн каттамы натыйжалуу болуп, ресурс аз сарпталат..., мээ маалыматты алда канча жакшы талдайт», - деди доцент Фэн Лэй. Ал такай чай ичүү мээнин тарамдарынын (бөлүктөрү) арасындагы байланыштын начарлоосунун алдын алып, жакшы уюмдаштырганын белгиледи.

(Булагы: https://www.aging-us.com, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG