Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Орусиядагы "миграциялык жеңилдик" 30-сентябрда аяктайт


 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт.
30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт.

Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандарды 30-сентябрга чейин миграциялык документтерин толугу менен иреттөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеме атайын билдирүү таратты.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти.

Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып пул салат, же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG