Париж келишими менен климаттын өзгөрүүсүнө карата Кыргызстандын улуттук салымына байланышкан долбоор кабыл алынды. Бул тууралуу БУУнун басма сөз кызматы кабарлады.
Долбоорду талкуулоого 27-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Динара Кутманова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Climate Promise долбоорунун координатору Бактыгүл Ысабековалар катышты.
Климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алууга карата кабыл алынган бул долбоорго ылайык Кыргызстанда бир катар иш чаралар мерчемделди.
Кабыл алынган долбоор быйыл Британиянын Глазго шаарында 1-12-ноябрда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конвенциясына байланыштуу тараптардын конференциясына жөнөтүлөт. (BCh)