Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келди


Толкунбек Абдыгулов
Толкунбек Абдыгулов

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан алуу тууралуу документ келип түшкөнүн Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев Telegram каналына жазды.

Депутаттын айтымында, жаңы талапкердин дагы аты-жөнү аталууда.

"Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындалышы мүмкүн",-деди Бекешов.

Улуттук банктын башчылыгына талапкер делген Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Мурдараак ал "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган Улуттук банктын экс-төрагасы Марат Алапаев каршы көрсөтмөсүнөн баш тартканы белгилүү болгон. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган Алапаевдин сот өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.

Кубанычбек Бөкөнтаев менен Улуттук банк Башкармасынын мурдагы мүчөсү Самат Конокбаев 2010-жылы Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун билдиришкен.

Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, банк төрагасы жеке арызы боюнча отставкага кете алат. Бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат, бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирилүүгө тийиш. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG