Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

"Озоди": Тажикстан кыргызстандык эки өспүрүмдү кармабаганын билдирди


Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймак. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймак. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын башкармалыгы 16 жаштагы кыргызстандык эки өспүрүм кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 27-сентябрда өз булактарына таянып жазып чыкты. Тажик тараптын маалыматына ылайык, окуя 23-сентябрда өспүрүмдөр Бобожан Гафуров районундагы Хистеварз айыл аймагында "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусунан жүзүм түшүрүп жаткан учурда болгон.

"Өспүрүмдөр кармалган эмес. Аларды микроавтобус жана контрабандалык жүк кимге таандык экенин такташ үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү бөлүмүнө алып барышкан. Биз алгач аларды үйүнө алып баралы дегенбиз. Бирок кийинчерээк аларды кыргыз бийлигине өткөрүп берели деп чечтик. Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал туруктуу", - деп билдирген Чек ара кызматындагы булак.

Кыргыз тараптын маалыматына ылайык, 23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана "Мерседес-Бенц Спринтер" автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кеткен. Өспүрүмдөрдүн биринин атасы Азам Гапаров "Азаттыкка" билдиргендей, балдар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин тургундар бошотулган.

Буга окшош окуя 26-сентябрда да катталды. Чек ара кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бул күнү түштөн кийин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Орозбек Мирзаевди келинчеги менен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Жийделик айылына бараткан учурда автобустан Тажикстандын күч кызматтары кармап кетишкен. Бул жаран ошол эле күнү "Кулунду" көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул маселе Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилигинин сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген. Окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү бере элек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 16-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн саммитинде кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганын айткан. Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 киши курман болгон. Тажик тараптан 19 киши каза тапканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG