Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Эмдөөгө байланыштуу блогер жалдоо тендери болбой калды


Шал оорусуна каршы вакцина алып жаткан наристе. 2-декабрь, 2020-жыл.
Шал оорусуна каршы вакцина алып жаткан наристе. 2-декабрь, 2020-жыл.

Социалдык тармактарда полиомиелит (шал оорусу) жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн маалыматтык өнөктүк үчүн тендер болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева Facebook баракчасына жазды.

"Дээрлик 1,5 млн. сомго блогерлердин кызматына тендер жарыяланганы тууралуу маалымат бизге жетери менен аны жокко чыгаруу чечими чыкты. Бул бюджеттик акчаны максатсыз чыгым кылуу деп эсептейм жана бул тендер болбой калды", - деп жазган вице-премьер-министр.

Буга чейин Республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелит (шал оорусу) жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн медиа өнөктүк үчүн тендер жарыялаган. Каражат Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстан (GAVI) бөлүнөрү айтылган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова тендердин баасы 1 миллион 4 миң сом экенин жана ага блогерлер катышарын билдирген. Каражат 1,5 жыл бою бир канча блогердин эмгегине жана маалыматтык өнөктүктү калк арасында таратууга жумшаларын айтылган. Акча Республикалык иммунопрофилактика борбордун сайтын жандантууга да каралган.

Блогерлер полиомиелит дарты жана ага каршы вакцина алууга үндөгөн роликтерди жасап, коомчулукка жайылтмак. Алар коронавируска каршы эмдөө тууралуу маалыматтарды чыгарууга дагы тийиш болгон. Бул демилге коомчулуктун сынына кабылган.

Бакашева бул иштерди акысыз жасап берүү ниетин билдирген активдүү жарандар бар экенин белгилеп, башка блогерлерди да бул ишти бирге талкуулоого чакырган.

Кыргызстанда полиомиелитке каршы эмдөө быйыл апрелде башталган. План боюнча 269 миң бала эмделүүгө тийиш. Алардын 173 миңи вакцина алды. Эмдөө өнөктүгү 20-октябрда аякташы керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун бардык өлкөлөргө полиомиелитке каршы вакцина алууну сунуштайт.

2011-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдардын саны 10 жарым миңге чукул болгон. Андан берки статистика белгисиз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG