Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Депутаттар экологияга көңүл бурууну талап кылды


Бишкекти каптаган ыш. Сүрөт 2018-жылы кышында тартылган.
Бишкекти каптаган ыш. Сүрөт 2018-жылы кышында тартылган.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы отурумунда айрым депутаттар бийликти экологияга көңүл бурууга чакырды. КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ботаникалык бакка көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

"Ботаникалык бак бир нече ирет күйдү. Аны бирөөлөр атайын өрттөп жатканы көрүнүп турат. Эки күн мурун Бишкекти кандай чаң каптаганын баарыбыз көрдүк. Эгер ботаникалык бак жок болсо, бизде дем алууга аба жетпей калат".

Бекешев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн Бишкектеги ботаникалык бакты сактап калуу үчүн көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

Дагы бир депутат Айбек Осмонов Ош шаарынын четинде кытайлык ишкерлердин арматура чыгарган заводу экологиялык талаптарга баш ийбей, абаны булгап жатканына нааразылыгын айтты.

"Бизге заводго жакын жашаган эл бир нече жолу кайрылды. Айылды түтүн каптап, дем алууга мүмкүн эместигин айтып жатышат. Өкмөттүн өкүлү ушул маселеге да көңүл буруп коюңуздар",-деди депутат Айбек Осмонов.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality индексинин эсебинде, Бишкек 2020-жылдын ноябрынан тартып дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын биринчи сабына чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG