Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстан АКШнын Монтана штаты менен аскерий багытта кызматташат


АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек.
АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек.

АКШнын Монтана штатынын адъютант-генералы Питер Хронек Кыргызстанга атайын сапар менен келип, өзгөчө кырдаалдар министри, тышкы иштер министринин орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын төрагасы менен жолукту.

"Монтана штатынын аскерий бөлүгү Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, табигый апааттарда аскерий жардам көрсөтүүнүн сапатын арттыруу үчүн кызматташтыкты улантмакчы. Билим берүү, тажрыйба алмашуу жаатында бир катар долбоорлор пландалууда",– деди генерал “Азаттык” менен болгон магинде.

Хронек ошондой эле Монтана штаты менен Кыргызстандын 1995-жылы түптөлгөн кызматташтык алакасын улантуу максатын да көздөрүн кошумчалады. Америкалык генерал Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүккө да барды. Монтана штаты менен Кыргызстандын кызматташтыгы АКШнын Коргоо министрлигинин демилгеси менен 1995-жылы башталган.

2014-жылга чейин Кыргызстан АКШнын Борбор Азиядагы аскердик өнөктөшү болуп келген. 2014-жылы "Манас" транзиттик борбору жабылгандан кийин деле АКШнын Борбордук командачылыгы кыргыз аскерлерине согуштук даярдык, англис тилин үйрөнүү, террорчулукка каршы күрөш, чек араны коргоо багытында бир катар машыгууларды уюштуруп келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG