Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Түркмөн президентин сындаган активист Стамбулда кармалды


Дурсолтан Таганова.
Дурсолтан Таганова.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келаткан түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова Түркиянын Стамбул шаарында кармалды. Таганованын Батыштагы диссидент санаалаштары түрк бийлигинен аны тез арада бошотууну суранышты.

Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору 27-сентябрда активист Дурсолтан Таганова Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн экенин эскертип коңгуроо кагууда.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда түрк полициясы Таганованын Стамбулдагы үйүнө келип кеткен. Активистти таппай чакырууну коңшусуна таштап кетишкен. Кийин Таганова полиция бөлүмүнө барганда кармалып, депортация борборуна жөнөтүлгөн.

Телеграмдагы Turkmen.news каналы Таганованын видеосун жарыялады. Анда активист Түркмөнстанда жарандык эркиндиктин камсыздалышын талап кылган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жайгаштырганы үчүн эле депортация коркунучуна кабылып жатканы айтылат.

"Мен учурда Эсенюрт полиция участогунда отурам. Мага бир документке кол коюп чыгасың же Миграция департаментине жөнөтөбүз дешти. Мен Түркияда эч кандай мыйзам бузган жокмун. Бир гана күнөөм - бул Тик-Токтон жарандарды өз укугун коргоого чакырганым. Бул менин жарыялаган акыркы видеом болушу мүмкүн. Андыктан мекендештерим эч коркпогула. Мен кайда болсом да өлкөмдүн келечеги үчүн күрөшөм", - деген Таганова.

30 жаштагы Дурсолтан бир нече жылдан бери Түркияда иштеген түркмөнстандык мигранттардын укуктарына көңүл буруп, активисттердин сап башында жүрөт.

Былтыр июлда Таганова баштаган ондогон адам Стамбулдагы түркмөн консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин сындаган акция өткөрүшкөн.

Түрк полициясы бул акцияда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова үч ай камакта отуруп, октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын түрк бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Ашхабад Дурсолтан Таганованы мамлекет үчүн "эң коркунучтуу" оппозициялык активисттердин катарына кошкон. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары билдиргендей, Таганова туулуп-өскөн Лебап облусунда анын жакындары да кысымга кабылууда.

Активистти Беларустун оппозиция лидери Светлана Тихановскаяга да окшоштургандар бар. Бирок Дурсолтан өз ишмердигин "баатыр эмес, активистмин" деп сыпаттайт.

Түркияда жашаган айрым түркмөнстандык активисттер өткөн жуманын аягында "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына өлкөдө кысым күчөгөнүн, камакка алуулар уланарын айтып беришкен.

Мурад Курбанов жана Дурсолтан Таганова.
Мурад Курбанов жана Дурсолтан Таганова.

3-сентябрда Түркияда кармалып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган, Францияда жашаган дагы бир активист Мурад Курбанов Ютуб каналында жарыялаган видеосунда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылуу жасап, өлкөдөгү түркмөн активисттерин тез арада бошотууну суранган.

"Түркмөн эли президент Гурбангулы Бердымухамедовду колдобойт. Анын эч бир сөзүнө ишенүүгө мүмкүн эмес. Андыктан урматтуу президент Эрдоган учурда сиз президент менен түркмөн элинин ортосунда тандоо кылышыңыз керек. Мындан улам сизден суранарым татыктуу чечим чыгарып, биздин активисттерге кысымды токтотуңуз. Андай болбосо түрк бийлиги эл аралык адам укуктарын коргоочу келишимдерди бузган болот", - деди активист Курбанов.

Ал ошондой эле, Дурсолтан Таганованы колдоо үчүн АКШда жана Европанын айрым өлкөлөрүндө чукул нааразылык акциялары уюштурулуп жатканын кошумчалаган.

Батышта жана Түркияда байырлаган түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү демонстрация жана митинг сыяктуу ар кыл нааразылык акцияларын мезгил-мезгили менен уюштуруп турат. Алар президент Бердымухамедовдун отставкасын жана өлкөдөгү коррупциянын жоюлушун талап кылышат.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөн мыйзамсыз жашаганы айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG