Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49

Түркмөн президенти уулун кызматтан көтөрдү


Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандагы Ахалтеке аттарына жана Алабай иттерине арналган иш-чара учурунда, 25-апрель 2021-жыл.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз уулун кайрадан кызматтан көтөрдү. 39 жаштагы Сердар Бердымухамедов экономикалык, банк маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. Мындай чечим болжолдуу мураскер операциясы тууралуу түкшүмөл ойлорду күчөттү.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Гурбангулы Бердымухаммедов өз уулунун саясий макамын көтөргөнүн өкмөттүн 9-июлдагы кеңейтилген жыйынында жарыялады.

Атасы уулуна экономикага байланыштуу тапшырмаларды берди

Анын чечимине ылайык, Сердар Бердымухамедов Министрлер кабинетинин экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча орун басары же вице-премьер-министр болуп дайындалды. Ошол эле учурда ал Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамынан чыгарылды.

Бердымухаммедов уулуна ийгилик каалап, ага экономикага байланыштуу бир топ тапшырмаларды берди.

"Бердымухамедов, дүйнөдөгү оңой эмес кырдаалдын ата мекендик экономикага тийгизген таасирин тыкыр талдап, тармактардын туруктуу өнүгүшү үчүн керектүү чараларды көрүңүз", - деди түркмөн президенти.

39 жаштагы Сердар Бердымухамедов акыркы жарым жыл ичинде экинчи жолу кызматтан көтөрүлүп жатат. Ал быйыл феврал айында эле социалдык маселелер жана санариптештирүү боюнча вице-премьер-министр жана Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы болуп иштей баштаган. Ошондой эле Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамына кирген.

Бердымухаммедов уулунун өкмөттөгү кызматын эмне үчүн көтөрүп, аны Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгынан жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнөн эмне себептен кетиргенин түшүндүргөн жок.

Кантсе да Сердар жаңы кызматка дайындалганын расмий уккандан кийин түркмөн саясий элитасына мүнөздүү болгон жалындуу сөздөр менен атасына ыраазычылыгын билдирди.

"Урматтуу, президентибиз мага эң бир жоопкерчиликтүү оозуйпаны тапшырдыңыз. Мен өз кезегимде, билимимди, тажрыйбамбы, акыл-күчүмдү өлкөбүздүн ар бир аймагынын турмуш-шарттарын жакшыртууга жумшайм деп ишендирип кетем", - деди Сердар Бердымухаммедов.

Мураскер операциясынын бир бөлүгүбү?

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов үй-бүлөсү, анын ичинде Сердар Бердымухамедов менен президенттик шайлоодо добуш берген учур, Ашхабад, 12-февраль 20217-жыл.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов үй-бүлөсү, анын ичинде Сердар Бердымухамедов менен президенттик шайлоодо добуш берген учур, Ашхабад, 12-февраль 20217-жыл.

Сердар Бердымухамедов соңку беш жылдан бери тынымсыз кызматын өзгөртүп, бийликтин бир сересинен экинчисине көтөрүлүп келе жатат. Ал 2016-жылга чейин эл көзүнөн оолагыраак жүрүп, Тышкы иштер жана Айыл чарба министрликтеринде, парламентте бир катар кызматтарды аркалаган.

Бирок ошол жылдын ноябрь айында Ахал облусундагы Душак районунда өткөн кезексиз шайлоодон кийин парламентке депутат болуп келип, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү аралаша баштаган.

Андан бери президенттин уулу тышкы иштер министринин орун басары, Ашхабад шаары жайгашкан ири Ахал облусунун губернатору, өнөр жай жана курулуш министри да болуп иштеди. Расмий басылмалар аны «элдин уулу» деп даңазалап жазып келишет.

Керек болсо Сердар Бердымухамедов түркмөн делегациясын жетектеп, Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө да барып келди. Ал быйыл апрель айында Ахалтеке аттарына арналган улуттук чоң майрамды өзү көзөмөлдөп, атасынын атынан белектерди кабыл алды.

Чет өлкөдө жашаган түркмөн байкоочуларынын айтымында, президент Бердымухамедов 2019-жылы бир нече аптага дайыны чыкпай калгандан бери мурдагыдан да тездик менен уулун улам бир жогорку кызматка дайындай баштаган. Буга чейин түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин Түркмөнстанда Сердарды мураскерликке даярдоо процесси жүрүп жатканын айткан эле.

"Түркмөн телеканалдарынын жана башка мамлекеттик маалымат булактарынын билдирүүлөрүн талдай турган болсок, Сердарды биздин өлкөдөгү номур биринчи кызматка даярдап жатышкандай таасир калат. Ушуга эле баратат окшойт", - деп билдирген Тухбатуллин.

Каатчылыктын эпкини

64 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов өкмөттүн 9-июлдагы жыйынында жогорку кызматтарды ээлеген бир топ аткаминерлердин айрымдарын кызматтан кетирсе, кайсы бирин кескин сынга алды.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо), 2018-жылдын март айы.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо), 2018-жылдын март айы.

Өкмөттөгү мындай өзгөрүүлөр түркмөн экономикасы начарлап жаткан учурга туура келди. Апрелде улуттук валюта манаттын долларга карата курсу рекорддук төмөнкү чекке түштү. Өлкөдө жумушсуздуктун деңгээлде жогору, азык-түлүк дале тартыш жана мурдагыдан көбүрөөк жарандар чет мамлекеттерге иш издеп кетип жатышат. Жакында "Азаттыктын" түркмөн кызматы Түркмөнстанда туруктуу жашаган жарандардын саны 1980-жылдардагы деңгээлине чейин төмөндөп, 2,7 миллионго түшкөнүн өз булактарына таянып жазып чыккан.

Бийлик катуу көзөмөлдөгөн түркмөн экономикасындагы мындай кыйынчылыктар пандемияга чейин эле башталган. Адистердин айтымында, өкмөттүн кирешесинин азайышына газ жана мунайга байланыштуу келишимдердин үзгүлтүккө учурашы жана көгүлтүр отундун дүйнөлүк рыноктогу баасынын төмөндөп кетиши себеп болгон. Жаратылыш газынын дүйнөдөгү эң чоң кору жайгашкан өлкөлөрдүн бири деп саналган Түркмөнстандын мындай каатчылыкка туш болушун мамлекеттин туура эмес башкарылышы менен байланыштыргандар да жок эмес.

Өлкө ичинде “Аркадаг”(“Коргоочу”) деген титулу бар Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердардан башка жана үч кызы бар. Кыздары тууралуу көп маалымат жок.

64 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. 2016-жылдын сентябрь айында өлкөнүн Конституциясы өзгөрүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарган.

Бердымухамедов 2017-жылдын февраль айындагы президенттик шайлоодо добуштардын 97 пайызын алып, жаңы Конституция боюнча жети жылга шайланган.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. 2019-жылы «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG