Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Түркмөн бийлиги кызматкерлерди топу кийүүгө милдеттендирди


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекемелердин жана жеке ишканалардын жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Маликгулы Бердымухамедовдун кыркылыгы чыкканга чейин чачтарын алып, топу кийип жүрүүгө милдеттендирилди. 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Маликгулы Бердымухамедов 18-апрелде 88 жаш курагында каза болгон. Маркумдун кыркы жума күнү өтөт. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы мамлекеттик кызматта иштеген өз булактарына таянып буларды айтып берди.

"Маликгулы Бердимухамедовдун кыркы бүткөнгө чейин чачтарын алып, допу кийип жүрүү боюнча жетекчиликке буйрук берилди", - деп билдирди ал.

Атасы каза болгондон кийин, президент Бердымухамедов жети күн бою коомдук жана мамлекеттик телекөрсөтүүлөргө чыккан эмес. Ал эми түркмөн жылкысынын жана Алабай тукумундагы иттердин майрамы, президенттин атасынын көзү өткөндөн кийин деле салтанаттуу белгиленген. Бирок бул иш-чараларга президенттин уулу Сердар Бердымухамедов катышып, белектерди кабыл алган.

Сердар Бердымухамедов.
Сердар Бердымухамедов.

Президенттин атасы каза болгондон кийин, түркмөн өкмөтүнүн вице-премьер-министри болуп турган Сердар жана башка расмий адамдар улуттук баш кийим - топу кийип эл алдына чыгышкан.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысынын айтымында, Лебап дубанында бюджеттик уюмдарда иштеген аялдар, тактап айтканда мектеп мугалимдери аза күтүү белгиси катары кара түстөгү көйнөктөрдү кийип жүрүшү керек.

Маалыматка караганда, Гурбангулы Бердымухамедов бир жума аза күткөндөн кийин бардык иш-чараларга кара автоунаа менен гана келерин белгилеген. Буга чейин президент өзү өлкө боюнча кара түстөгү машинелерге тыюу салган болчу.

Түркмөн каада-салты боюнча, кара түс аза күтүүнү билдирет. Аялдар аза күтүү белгиси катары кара түстөгү оймо-чиймелер менен жоолук салынышат.

Мамлекеттик кызматкерлердин бири журналисттерге бийлик азыр акыркы эрежелерди тыкыр текшерип жатканын кошумчалады.

"Лебап облусундагы аткаминерлерге жана мектеп директорлоруна топусуз УКМК кызматкерлеринин көзүнө илинип калса, алар жумуштан токтоосуз бошотулат деп эскертилген".

Маликгулы Бердымухамедов каза болгондон кийин Мары облусундагы бардык тойканалар үч күнгө жабылган. Ал эми Лебап облусунун Фарап районунда жети күн бою той-топурларга тыюу салынганы кабарланган. Мындан тышкары, аталган аймактардагы бюджеттик кызматкерлерден президенттин атасынын каза болгондугуна байланыштуу эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө акча чогултулганы да айтылган.

24-апрелде өткөн аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн баш калаа Ашхабадга бардык облустардан этностук азчылыктардын өкүлдөрү улуттук кийимдери менен келүүгө милдеттүү болушкан.

Президенттин атасын эскерүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн бюджеттик кызматкерлерден акча чогултуу май айында да улантылганы айтылууда.

Түркмөнстандагы акыркы жылдардагы экономикалык таңсыктыкка карабай мамлекеттик кызматкерлерден ар кандай шылтоолор менен акча талап кылуу тутумдашып кеткени байкалат. Өлкөдө "айлана-чөйрөнү коргоо", "пахта терүү", "велосипед сатып алуу", "президенттин портреттерин сатып алуу" жана башка максаттар үчүн акча чогултканы көнүмүш адатка айланган.

Бирок ансыз жакырчылык менен күрөшүп келген карапайым калктан өлкө президентинин үй-бүлөсүнө түздөн-түз байланыштуу чыгымдар үчүн акча өндүрүү биринчи жолу байкалууда.

Маликгулы Бердымухамедов көз жумгандан кийин анын аялы, президенттин энеси Огулабат Курраеваны даңазалаган үгүттөр башталды. Өткөн аптада өлкөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Ашхабад менен Мары шаарларында президенттин энесинин кол өнөрчүлүгүнө арналган көргөзмөлөр жана жолугушуулар уюштурулду. Анда бардык аялдарга президенттин энесинин жолун жолдоо тууралуу чакырыктар жаңырды.

Түркмөн режими президент Бердымухамедов менен бирге үй-бүлө мүчөлөрүн даңазалап келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG