Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Абактагылар үчүн компьютердик класс ачылды


Компьютердик класс.
Компьютердик класс.

Кыргызстандагы №1 түзөтүү мекемесинин курамындагы №5 орто окуу жайга компьютердик класс ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

"СПИД Чыгыш-Батыш" аттуу коомдук фонд жана DVV International уюмдарынын колдоосу менен ачылган класста 12 заманбап компьютер, 2 принтер, санариптик экран, эмеректер коюлган. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар эми компьютердик сабаттуулугун да жойо алышат.

Буга чейин DVV International уюму абактагыларга электрик, чачтарач, тигүүчү сыяктуу бир нече кесипке үйрөткөн курстарды уюштурган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.

2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG