Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Америкалык ырчы 11 кишиге жыныстык зомбулук көрсөткөн деп айыпталды


R.Kelly
R.Kelly

Америкалык белгилүү ырчы Ар Келли (R.Kelly) жыныстык зомбулук көрсөткөнү үчүн айыптуу деп табылды. Ал 20 жыл бою 11 кишини, арасында балдарды зордуктаганы айтылууда.

27-сентябрда АКШнын Бруклин федералдык сотундагы отурумда сот арачылары 54 жаштагы Керриге коюлган айыпты бир добуштан колдошту.

Ага карата өкүм 2022-жылдын май айында окулат деп күтүлүүдө. Ырчы узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Алты аптага созулган сот жараянында 11 аял жана эки эркек күбө катары көрсөтмө берип, Келлинин зордукчул аракеттерин айтышты. Прокурорлордун белгилешинче, Келли адамдарды "шоу-бизнескте карьера түзүп берем" деп, зордуктаган.

Ал 13 жыл мурун балдар порнографиясына байланыштуу кылмыштын алкагында соттолуп, бирок далилдер жетишпегендиктен акталган эле.

R.Kelly деген каймана ысым менен таанылган ырчынын чыныгы аты-жөнү Роберт Сильвестр Келли. Үч ирет абройлуу Грэмми сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG