Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Коронавирустан бир бейтап каза болду, 69 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 29-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир бейтап каза болуп, 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Бишкек - 38
Чүй облусу – 17
Ош облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 9
Баткен облусу - 1

Ош шаарында, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында вирус жуктургандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү 454 адам ооруканада, 803 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 444 адам болду. Бир күндө 97 адам айыгып чыкты. Инфекция катталган убактан тартып айыккандардын саны - 173 102. Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2605 кишиге жетти.

Өлкө боюнча коронавируска каршы эмделгендердин саны 1 млн. 429 миң 218 кишиге жетти. Алардын 816 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG