Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Депутаттар Кумтөрдүн иши тууралуу өкмөттүн отчет берүүсүн талап кылды


Кумтөрдөгү өндүрүш, 2021-жылдын майы.
Кумтөрдөгү өндүрүш, 2021-жылдын майы.

Министрлер кабинети Кумтөр алтын кенинин иши тууралуу толук отчет берүүсүн бир катар депутаттар бүгүн, 29-сентябрдагы парламенттин отурумунда айтып чыкты.

"Ата мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко кендин азыркы иши тууралуу элге толук маалымат берилбей жатканын билдирди. Депутат бул маселени парламенттин кезексиз отурумун чакырып, кароону сунуштады. Ал эми "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев Кумтөр маселеси боюнча Министрлер кабинети парламентке келип, толук отчет берүүгө тийиш деп эсептейт:

"Мамлекеттик ишкана болгон соң, анын кантип иштеп жатканы тууралуу ачык маалымат берилиши керек. Министрлер кабинети бардык компаниялары, "Кыргызалтын" ишканасы менен чогуу келип, бизге отчет берсин. Октябрь айынын башында биз аларды угалы. Канча өндүрүлдү, кандай шартта башкарылып жатат, ушул сыяктуу суроолорубузга жооп алалы".

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

"Центерра" 27-сентябрдагы Кумтөр кенин сактап калуу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылуусунда, "кыргыз өкмөтү кенди иштете албай кыйналып, тиешелүү талаптарды аткарбай, натыйжада кен талкаланып жок болуу коркунучу турганын" билдирген.

"Кумтөр голд" компаниясы "Центерранын" бардык маалыматтарын четке кагып, алтын казуу жана иштетүү кадимки калыбында жүрүп жатканын кабарлаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG