Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Парламент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун арызын кароодо


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү жөнүндө арызы бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңеште каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов депутаттарга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү боюнча өзү каалоосу менен арыз жазганын маалымдады.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев Улуттук банктын төрагасына эл аралык деңгээлдеги алдамчылар тарабынан чабуул жасалып, курмандыкка чабылып жатат деген пикирин айтты.

Депутат Жанарбек Акаев Толкунбек Абдыгуловду кызматтан бошотуу менен Улуттук банкты талкалап алуу коркунучу турганын, Абдыгуловдун кызматтан кетүүсүнө абройлуу эл аралык каржылык уюмдары да тынчсыздануусун билдирип жатканын айтты. Акаев президентти жана депутаттарды банк тармагын мыкты билген адисти Улуттук банк төрагалыгынан кетирбөөгө чакырды.

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан алуу жана анын ордуна Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу документ келип түшкөнү эки күн мурун кабарланган.

Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, банк төрагасы жеке арызы боюнча отставкага кете алат. Бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. Бул тууралуу парламенттин отурумуна чейин алдын ала билдирүү берилет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG