Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Абдыгулов: Кызматтан өз каалоом менен кеттим


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарына өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. Ал депутаттардын колдоолоруна ыраазычылыгын билдирип, башка кызматка кетип жатканы үчүн Улуттук банктын төрагалыгынан баш тартканын айтты.

"Мага эч кандай саясий басым болгон жок. Мен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп баратам. Бул тууралуу бүгүн президент буйрук чыгарды. Ал жакта да Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз",-деди Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов анын кызматтан кетүүсүнүн артында "алтын кызыкчылыгы турат" деген айрым депутаттардын сөзүнө жооп кылып, Улуттук банктын резервиндеги алтын тууралуу да маалымат берди.

"Улуттук банктын Кумтөр ишканасына эч кандай байланышы жок. Биз мыйзам боюнча өлкөдө өндүрүлгөн бардык алтынды сатып алууга милдеттүүбүз. Жыл башынан бери Улуттук банк 7 тоннадай алтын сатып алган. Бул алтын банкта сакталып турат".

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан алуу жана анын ордуна Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу документ келип түшкөнү эки күн мурун кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG