Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Абдыгуловду арыз жаздырган банк мыйзамы


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу маселесин карай турган парламенттин профилдик комитетинин 28-сентябрдагы жыйыны болбой калды. Мунун алдында Абдыгуловдун өзүнөн кызматтан кетүү тууралуу арыз түшкөнү кабарланган.

Бир нече айдан бери депутаттар Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүүнү да карап жаткан. Мекеме ага каршы чыккан. Бул жагдай башкы каржы көзөмөл мекемесинин көз карандысыздыгын жоготуп, валюталык кризис жаратат деген кооптонуу туудурууда.

Өтпөй калган жыйындын сыры

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан төрт-беш айдан бери Толкунбек Абдыгуловдун кызмат орду боюнча бир нече жолу маселе козголду. Парламенттин жалпы палатасындагы жана комитеттериндеги жыйындарда ал мыйзамга ачык эле терс пикирин билдирип турду.

Соңунда Абдыгуловдун атынан өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине келип түшкөнү 28-сентябрда белгилүү болду. Ушул күнү саат 14:00гө белгиленген жыйын өтпөй калды.

Гүлшат Асылбаева
Гүлшат Асылбаева

“Азаттык” комитеттин төрагасы, депутат Салайдин Айдаровго байланышкан учурда, ал өзү чет жакта экенин айтып, уюштуруу иштерине орун басары Гүлшат Асылбаева жооптуу экенин маалымдады. Асылбаева радиого учкай гана буларды билдирди:

“Бизде отурумда кворум болбой калды, депутаттар жетиштүү болгон жок. Мен семинарда элем, азыр башка суроолорго жооп берүү мага ыңгайсыз”, - деди ал.

Комитеттин төрагасынын башка орун басары, депутат Дастан Бекешев комитеттин жыйыны ушуну менен экинчи жолу кворум жоктугуна байланыштуу өтпөй калып жатканын белгилеп, муну түрдүү жагдайларга байланыштырды.

Бирок ал Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча токтомго депутаттардын добуштары чогултулуп жатканын кошумчалады.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Кээ бир депутаттар ооруп жатат, айрымдары шайлоого кетти, дагы бирлери иш сапарда. Ошон үчүн көп маселелер сурамжылоо аркылуу каралып жатат. Абдыгуловду кызматтан алуу маселесине да депутаттардын позициясы ошондой жол менен алынууда. Бул маселе эртең, 29-сентябрда жалпы жыйынга чыгарылганы турат”, - деди Дастан Бекешев “Азаттык” радиосуна.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында башка кызматка кетип жаткандыктан Улуттук банктын төрагалыгынан баш тартканын айтты.

"Мага эч кандай саясий басым болгон жок. Мен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп баратам. Бул тууралуу бүгүн президент буйрук чыгарды. Ал жакта да Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз",-деди Абдыгулов.

Чуулуу мыйзамдын баяны

Банк ишмердигине байланыштуу кеп болгон мыйзам долбоорунун автору катары алгач депутат Саматбек Ибраев өзү чыккан. Былтыр апрелде мандат алган эл өкүлү бир жыл ичинде парламенттин жыйындарындагы сөздөрүндө көп жолу Улуттук банктын саясатын сындап келген. Анын мыйзам долбоору быйыл 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Бир нече жыйындардан кийин документке дагы 60 депутат автор катары кошулду. Алардын арасында Бактыбек Турусбеков, Каныбек Иманалиев, Гүлшат Асылбаева, Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, Карамат Орозова, Шайлообек Атазов, Евгения Строкова жана башкалар бар.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде жазылгандай, документ Кыргызстанда жаңы түшүнүк катары - Финансылык технологияларды (финтех) киргизүүнү максат кылат. Бул финансы чөйрөсүндө технологияларды жана инновацияларды колдонгон компаниялардан турган тармак экени, ага технологиялык стартаптар, ири уюмдар да кирери ошол эле кагазда көрсөтүлөт.

24-сентябрда парламенттин имаратында өткөн коомдук талкууда мыйзамдын башкы автору, депутат Саматбек Ибраев мыйзамды түшүндүрүп, аны колдобогону үчүн Улуттук банктын төрагасын айыптаган.

Саматбек Ибраев
Саматбек Ибраев

“Бүгүнкү күндө Улуттук банктын төрагасынын компетенттүү эместигин мына турмуш өзү көрсөттү. Мен кайра-кайра айтып жатам, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жети жылдан бери биздин финансылык секторду талкалап салды. Ошондуктан ага баа беришибиз керек. Эгер ушуну аягына чыгарбасак, биздин экономикабыз аксаганы аксаган. Дагы кайрылгым келет, Толкунбек Абдыгулов, эгер сиз тез реформага барбасаңыз, өзүңүздүн оюңузду өзгөртпөсөңүз бүгүнкү кыргызстандыктардын турмушу эч качан өзгөрбөйт”, - деген Ибраев.

Эгер жөнөкөй тил менен чечмелесек, “Финтех” термини кадимки мобилдик банкинг кызматы, акча которуу, төлөм жүргүзүү жана башка функцияларды аткарган тиркемелер, криптовалюта сыяктуу нерселерди түшүндүрөт. Илимде булар азыркы банк системасынын олуттуу атаандашы катары мүнөздөлүп жүрөт.

Дагы да жеңил тилге салсак, бул системалар мыйзамдаштырылса фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот.

Экономист Расул Түлеев Финтехке байланыштуу ойлорун ортого салды.

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“Улуттук банк аябай консервативдүү орган, анткени ал жалпы мамлекеттин каражатын кармап турат жана финансылык саясатты жүргүзгөн негизги орган. Ошондуктан бул жакта эксперимент жүргүзүү өтө коркунучтуу. Балким сунушталып жаткан маселе туурадыр, бирок аны ишке ашыруу үчүн бизде экономикалык деңгээл жогору болушу кажет. Азырынча каржы жаатында экспериментке баруудан оолак болуп туруш керек болчу. Улуттук банк мына ушул себептен Финтехке каршы чыгышы мүмкүн эле. Финансылык технологиялар өтө өнүккөн мамлекеттерде киргизишкен, бирок бизден алдыда турган өлкөлөрдө али киргизише элек болчу. Себеби коррупция чырмап алган өлкөдө муну көзөмөлдөө кыйын, каражаттар Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгып кетет. Натыйжада каражатты көмүскө жүгүртүүгө жол ачылат, аткезчилик жана башка кылмышкерлик өркүндөйт. Акчанын көзөмөлсүз жүргүзүлүшү ошого алып келет”.

Жоромолдор жана кооптонуулар

Мыйзамдын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, коммерциялык банктарга ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 600 млн. сом уставдык капитал талап кылынса, Финтехтер 100 миң сомдой каражат менен деле иш алып бара алат.

Кыргызстанда жаңы кирип жаткан инструмент финансисттерди да, саясатчыларды да камтама кылууда. Депутат Дастан Бекешев береги мыйзам валюта секторун талкалайт деп эсептейт.

Кыргызстандын Улуттук банкы
Кыргызстандын Улуттук банкы

“Негизи Улуттук банк көз карандысыз болушу керек, бул эл аралык практика. Менимче маселе мында эмес, маселе Толкунбек Абдыгуловдо да эмес. Маселе анын кызмат ордунда. Президент бардык жерлерге өз кадрларын коюп жатпайбы, Улуттук банкка да өз кишисин алып келгиси келип жатат. Ал эми Финтех боюнча мыйзамды мен окуп чыктым, ага каршымын. Ал бизди өнүктүрүүгө алып келбейт, тескерисинче Улуттук банкты талкалайт. Ал талкаланса анда биздин финансы системабыз, сом жана башка нерселердин баары кыйрайт. Ушуга чейинки саясат салыштырмалуу түрдө сомду туруктуу кармап келди, айланабыздагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин улуттук валюта күчүн жоготпой турат. Бирок Финтех кирсе, анын аягы сомдун кунун жоготуп, кризиске алып келиши мүмкүн. Инфляция, гиперинфляцияга алып келиши ыктымал”.

Жаңы мыйзамда сунушталып жаткан дагы бир талаштуу маселе “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине киргизиле турган өзгөртүү.

Азыркысында “Улуттук банктын ишинин максаты тийиштүү акча-насыя саясатын жүргүзүү жолу менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу болуп эсептелет” деп жазылган. Долбоордо ага дагы жаңы максаттар белгиленип, кошумча “Финансы рыногун өнүктүрүү саясатын Кыргызстандын өкмөтү менен бирге иштеп чыгат жана чогуу алып барат” деген сөз киргизилүүдө.

Бул жагдай “Улуттук банктын көз карандылыгын жоёт” деген камтамачылыкты жаратууда. Себеби дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде Федералдык банк же Улуттук банктар акча-насыялык саясатын өз алдынча жүргүзөт жана мамлекеттин бийлигинен көз карандысыз.

Юрист Сания Токтогазиева буга чейин “Фейсбуктагы” баракчасына минтип жазган.

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

“Биздин Жогорку Кеңештин “айтылуу” алтынчы чакырылышынын депутаттарынын зыянкечтиги жана популисттиги өлкөнү туңгуюкка кептегени калды. Конституцияны талкалашканы аз келгенсип, кодекстерди бузуп жатышат, эми алар Кыргызстандын Улуттук банкынын көз карандысыздыгын жок кылганы калышты. Депутаттар Ибраев менен Турусбековдун мыйзамы Улуттук банкты өкмөт менен биргеликте саясат жүргүзүүгө алып келгени жатат. Бул эмне үчүн коркунучтуу? Бул Улуттук банктын көз карандысыздыгынын түпкүлүгүн бузуу болуп саналат. Улуттук банктардын негизги миссиясы бийликтин саясий бутактарын тең салмактоо жана келечекте дестабилизацияга, инфляцияга алып келе турган (президент, өкмөт жана парламент тараптан) жоопкерчиликсиз фискалдык саясат жүргүзүүгө бөгөт коюу болчу. Эми Ибраев менен Турусбековдун мыйзамы Улуттук банкты толугу менен өкмөткө (башкача айтканда президентке) көз каранды кылып коёт. Биздин ашмалтайы чыккан кадрдык саясатыбызды, популизмди жана чала сабаттыкты эске алуу менен муну биздин "саясий төбөлдөрдүн жүзү" деп атасак болот. Улуттук банктын көз карандысыздыгын жоюу биздин экономиканын жападан жалгыз реалдуу сектору болгон Кыргызстандын банк системасын толугу менен жок кылат”, - деп жазды ал.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан. Абдыгуловдун азыркы ордуна “Мамлекеттик лотерея компаниясы” ишканасынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев сунушталганы айтылды. Бөкөнтаев мурда Улуттук банкта иштеген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG