Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Башкы чекист "Кумтөрдүн" кирешесин санады


Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатканда тартылган сүрөт. 25-сентябрь.
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатканда тартылган сүрөт. 25-сентябрь.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан июнь-июль айында “Кумтөрдөн” 90 миллион доллар пайда тапканын билдирди. Буга удаа эле ал кендин айланасындагы маселелер боюнча Женевага кеткени кабарланды.

Бул окуялар "Кумтөр Голддун" ишмердигине байланыштуу коомчулукта талкуу токтобой жаткан учурда болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кенден өндүрүлгөн алтын, анын киришеси тууралуу маалыматты талап кылып чыгышты. Ишкана болсо муну саятсатчылардын упай топтоо аракети катары баалап жатат.

Ташиевдин эсеби

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда, мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып Кумтөр алтын кенинин ишмердигине токтолду.

"Кумтөрдөн" 21 жылда 84 миллион доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь-июль эки айда биз 90 миллион доллар таптык. Мына, акчабыз каякта жатат. Кыргызстандын акчасын талап-тоноп эле жеп жатышкан. Биз алардын коррупциялык схемаларын алып чыктык... Эгерде "Кумтөрдөн" айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын самолетко салып алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду".

Камчыбек Ташиев эки айда түштү деген 90 миллион доллар “Кумтөр Голд” ишканасынын таза кирешесиби же жалпы өндүрүштөн түшкөн акчабы тактаган жок. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров өткөн аптада эле Кыргызстан “Кумтөр Голдду” башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн белгилеп, андан түшчү таза кирешенин болжолдуу суммасын “Азаттык” радиосуна айтып берген.

“Мына ошол өндүрүлгөн төрт тоннадан ашуун алтын азыр Кыргызстанда. 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болду деп ойлоп жатабыз. "Кыргыз Голд" компаниясынын акчасы Кыргызстандын банктарындагы эсептеринде эле сакталып турат. Анын акчасын өкмөт же башка тараптар алып алган жери жок. Мурдагы тартипте эле иштеп жатабыз. Болгону бир чоң айырмачылык - мурда бул жакта өндүрүлгөн алтындын бардыгы сыртка чыгарылып кетип турса, азыр бул жактан сатылат. Мурда компаниянын акчасы чет элдик банктарда сакталса, азыр биздин Кыргызстандын банктарында. Ал эми өндүрүштүк жараян өз орду менен кетип бара жатат. Дүрбөлөң салууга эч кандай негиз жок”.

Сейрек берилген сандар

Кыргыз бийлиги ушуну менен “Кумтөр Голд” компаниясын өзү иштетип келаткан 2021-жылдын 17-майынан бери алтын өндүрүшү боюнча үч ирет айрым сандарды ачыкка чыгарды.

Биринчи жолу президент Садыр Жапаров 15-июнда кенге барганда ишканага убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери 44 миң унций (ред: 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак) алтын сатылганы кабарланган. Анын баасы 82 миллион 234 миң доллар болгон. Бул акчанын 41 миллион 952 миң доллары өндүрүштүк чыгымдарга кетип, таза кирише 40 миллион 282 миң долларга жеткен.

Андан бери компания казылган кен, өндүрүлгөн алтын, аны сатуудан түшкөн кирише, деги эле алтындын өзү каякка, кандай жолдор менен сатылып жатканы жөнүндө маалымат бере элек. Кыргыз өкмөтү да “Кумтөргө” байланыштуу бирдиктүү маалымат тараткан жок

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков коомчулукта талкуу болуп жаткан “Кумтөрдүн” өндүрүшүнө байланыштуу пикири менен бөлүштү.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

“4,1 тонна алтын өндүрүптүрбүз. Мисалы, аны Улуттук банк сатып алды дейли. Алтындын бир унцийи 31,1 гр болот. Ал буга чейин 1800 доллардан сатылып жаткан. Азыр 1750 долларга түштү. Болжол менен бир унцийди 1780 доллар деп 4,1 тонна алтынды 1780 долларга көбөйтсөк кирешенин баасы чыгып калат. “Центерра” буга чейин өндүрүшкө кеткен акчаны чыгарып турчу. Азыр эми айлык акы, өндүрүшкө кеткен чыгымды эсептеш керек. Ошондо киреше 60-90 миллион доллардын ортосу болуп калышы мүмкүн. Бирок маселе анда эмес. Азыр “Кумтөрдү” убактылуу тыштан башкарып атабыз. Ал эми аны түбөлүктүү кылып чечиш үчүн биз кенди сот аркылуу толук өзүбүзгө алышыбыз керек же улутташтырыш керек. Адистер башында эле экинчи жолду – улутташтыруу сунушун бергенбиз. Ошондо кендин тагдыры тез чечилмек”.

“Кумтөр Голд” буга чейин долбоор иштей баштагандан бери 2020-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 4 миллиард 485 миллион доллар пайда тапканын жарыялаган. Компаниянын ишин иликтеген мамлекеттик комиссия болсо алтын кенден Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда көргөнүн жарыялаган.

“Кумтөр Голддун” расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2016-жылы кенден 17 тонна 136 кг, 2017-жылы 17 тонна 503 кг, 2018-жылы 16 тонна 626 кг, 2019-жылы 18 тонна 668 кг, 2020-жылы 17 тонна 297 кг алтын өндүрүлгөн. Ишкана 2011-жылдан бери өндүрүлгөн жана сатылган алтындын көлөмү боюнча ар бир квартал сайын жана жылдын аягында жалпы маалымат берип турчу. Быйыл сайтына ал маалыматы чыккан жок.

Башкы чекисттин сырдуу сапары

Ал тапта Камчыбек Ташиев 27-сентябрда “Кумтөрдүн” маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени кабарланды. Аны менен кошо кимдер кеткени, Женевада эмне маселе каралары тууралуу толук маалымат жок. Атайын кызматтын төрагасына жакын журналист Өткүрбек Рахманов айрым гана жагдайларды айтып берди.

“Мен сурасам “бул тагдыр чече турган эң негизги сүйлөшүү болот” деп айтты. Бул эмнеге негизделгенин сурасам “УКМК “Кумтөрдүн” мыйзамсыз иштешине мурдагы президенттер, премьер-министрлер, депутаттар, спикерлер сүйлөшүп алып шарт түзүп бергенин аныктадык. Эми ошолор менен тааныштырып, ушуга байланыштуу сүйлөшүү болот” деди”.

22-сентябрда Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинде сырттан башкаруу киргизилгенден берки иштер тууралуу маалымат угуу сунушу айтылган. Депутат Акылбек Кемелов маселени алгач комитетте, кийин жалпы жыйында кароо керектигин айткан эле. “Кумтөр Голд” муну айрым саясатчылар өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө кылган аракет деп баалады. Депутат буга макул эмес.

“Парламентте маалыматты жабык карап койсок деле болот. “Кумтөр Голдго” тышкы башкарууну парламент киргизгенден кийин ага Жогорку Кеңеш да жооптуу. Заман эртең эле өзгөрөт. “Кумтөрдүн” иши боюнча азыр мурдагы премьер-министрлер, депутаттар кармалып жатканын көрүп атабыз да”.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG