Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Алтын соодасына чектөө: өкмөт издеген жол


Кыргызстандын алтын куймасы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар базарынын (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу чечимин “күтүлгөн иш болчу” деп баалады.

Алтын сатуу аракети: мүмкүнчүлүк жана тобокелдик

Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын кыргыз алтынын сатууга байланыштуу чектөөсүнө Кыргызстандын аткаруу бийлигинин мүчөсү Акылбек Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында кенен түшүндүрмө берди.

“Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунун аккредитациясын жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн" деди Жапаров. Башка дагы тоскоолдуктар болорун эскертип, бирок “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун” айтты.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Ал эле эмес, мен алар тараптан башка тоскоолдуктар жана "кыйынчылыктар" болушу мүмкүн экенин айта алам. Бул да алдын ала божомолдонууда, биз муну да эске алабыз. Адеп баштаганда эле биз алтыныбызды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам”, - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров мындай санкциялар өлкөнүн экономикалык абалына оң таасир этерине ишенет. Ага мисал катары өлкөдө зергерчиликти өнүктүрүп, алтынды бул тармакта сатууда баасы кымбат болорун билдирди. Мындан сырткары бул шарт Кыргызстанда алтын резервин көбөйтүүгө шарт түзөт деп эсептейт. Ал алтынга бекитилген "электрондук сом" долбоорун ишке киргизүү даярдалып жатканын дагы кошумчалады.


LBMA “Кыргызалтындын” аккредитациясын эмнеге токтоткон?

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтындын" алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтоткону Кыргызстан өндүргөн алтынды батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратат.

Буга чейин "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка десек болот.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы “Кыргызалтындын” аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун, буга июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерүү себеп болгонун билдирди.

Алтын сатуудагы мүмкүнчүлүк жана тобокелдик

Лондондогу баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын убактылуу чектөөсү, Кыргызстандын расмийлеринин позициясын жергиликтүү серепчилер ар кандай талдап жатат.

Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын чечиминен өлкө сыртка алтын сатууда олуттуу маселеге туш болгонун белгиледи. Акматов эми көйгөйдүн чечилиши бийликтин ыкчам аракетине көз каранды экенин айтып, мындай жолду сунуштады.

Сталбек Акматов.
Сталбек Акматов.

“Алтын куйманын үстүнө Good delivery деген жазуунун белгиси басылчу. Ошол белги менен швейцариялык банк, Италия жана башка мамлекеттер баа жагынан келишсе эле эч кандай маселе жок сатып алышчу. Эми ал белги жок, эркин сата албай калат. Мындан чыгуунун жолун айтайын, ХХI кылымдагы дүйнө статистикасында алтындын 70% зергерлик тармак керектейт. Кыргызстан инвесторлорду таап, зергерлик ишканаларды ачууга шарт түзүп бериш керек. Ошондой эле дүйнөдөгү ири зергерлик заводдор менен келишим түзүп ошолорго сатыш керек. Аларга Good delivery сертифкатынын, белгинин анчалык мааниси жок. Анткени, алар алтынды эритип башка буюм жасашат. Дүйнө боюнча Кытай, Индия, Түркияда ири заводдор бар. Мен дүйнөлүк жармаңкелерге барганда көргөм, алар тонналап алтын иштетет. Кыргызстандын өндүрүшү анчалык деле чоң эмес”, - деди Акматов.

Сталбек Акматовдун эсебинде, Кыргызстанда жылына болжол менен зергерчилер 1 тоннадай алтын иштет. Бирок бул тармакта көпчүлүк ишкерлер көмүскөдө эмгектенет. Акматов өлкөдө өндүрүлгөн алтындын бир топ көлөмүн жергиликтүү зергерлердин иштетүүгө кудурети жетерин белгилеп, парламентте каралып жаткан мыйзамды эртелеп кабыл алууга чакырды.

“Алматыга барсак, акча алмаштыруучу жайда алтын-күмүш сатылат. Бул жакта алтын-күмүш акча алмаштыруу жайында эмес, банкта сатылбайт. Улуттук банк жылына 20-30 килограмм сатып коюп, мактана беришет. Биринчиден, чийки зат эркин сатылышы керек. Экинчиден, кошумча нарк салыгынан беш жылга бошоту зарыл. Ушундай мыйзам долбоору азыр парламентте турат”, - деди Акматов.

“Келдике” зергер компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов эгерде шарт түзүлсө, Кыргызстанда өндүргөн алтынды толук иштетүүгө жергиликтүү зергерчилердин дарамети жетет деп ишенет.

Ал эми Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын кыргыз алтынын сатууга чектөө коюшу тууралуу мындай деди.

“Алтындагы эң чоң базар - Лондондогу биржа. Базарда эт сатам десеңер справка алыш керек. Эми тигилер ошол справканы бербейбиз деп жатат. Ал базар болбосо, башка базарга барышыбыз керек. Кыргызстанда алтын биржасын уюштурса болот. Бул биринчиден, улуттук валютаны бекемдейт. Себеби, алтынды сатып алам дегендер өз валютасын сомго алмаштырып сатып алат”, - деди Макешов.

Жогорудагы серепчилер Кыргызстандын өндүргөн алтынын сатуу жолдорун, мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүп айтып беришти. Бирок, аны ишке ашырууда кандай тобокелдиктер бар? Экономист Кайрат Итибаев буларга токтолду.

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

“Жолдорун издеп жатабыз" деген башка, "таптык" деген башка. Кардар табылган күндө да товар баасын төмөндөтүшү мүмкүн, ошондой тобокелдик бар. Себеби, базар экономикасы ошондой. Эми жеке кардарларды өзүбүз издешибиз керек. Канча чыгым кетет, кандай алып кетет? Толук маалымат жок. Акылбек Жапаров “биз күткөнбүз, билгенбиз” деди. Анда план “б”, “в” барбы? Зергерлер ошончо тоннаны иштете алабы? Даяр алтын буюмдарын саткан жол барбы? Кеп ушунда”, - деди Итибаев.

Кыргызстан жылына болжол менен 15-20 тоннадай алтынды сыртка экспорттойт. Көбүн Британияга, андан тышкары, Швейцария, Италия, Орусия, Түркияга сатат. Өлкөдөгү алтындын 70-80% Кумтөр кени берет.

Лондон биржасынын "Кыргызалтынга" чектөө киргизишинин айланасындагы окуяны The Wall Street Journal жазып чыкты. Анда басылма кыргыз бийлиги алтынды дүйнөгө эркин сатуу укугун калыбына келтирүүгө аракет кыларын жана башка жолдорду издеп жатканын жазды.

Басылма айрым трейдерлерге таянып, Лондон биржасында таанылбаган алтындын наркы базар баасынан арзан болушу мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстан быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.


Кыргызстан былтыр 7 айда 11,7 тонна, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 4,1 тонна алтын экспорттоду. Башкача айтканда, былтыр 7 айда 623 млн. долларга, быйыл 235 млн. долларга алтын сатылган.

Тышкы башкаруу киргенден кийин, өкмөт дайындаган "Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, эми алтын сыртка чыгарылбай, ишкана өндүргөн продукцияны толугу менен Улуттук банк гана сатып алып турарын айткан. Бирок бүгүнкү күндө Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG