Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Бишкекте академик Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылды


Илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылыш аземи. 29-сентябрь, 2021.
Илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылыш аземи. 29-сентябрь, 2021.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу демилгесин көтөргөнүн айтып, эми президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун белгиледи. Мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн Абыкеев окуп берди.

"Академик атабыз кыргыз тили менен кошо кыргыз элинин маданиятын, тарыхын сактап калуу үчүн талыкпай эмгектенип, келечек муунга агартуучулук мурастарын калтырып кетти. Кусеин Карасаев – кыргыз элин билим дүйнөсүнө жетелеген адамдардын бири. Жүрөгү кыргыз деп соккон агайыбыздын “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Орусча-кыргызча сөздүк”, “Карасай сөздүк” аттуу эмгектери бүгүнкү жана эртеңки муундун көөнөргүс, баа жеткис мурасы жана байлыгы", - деген президент Жапаров.

Филолог, профессор Кусеин Карасаев 1901-жылы Түп районунун Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында төрөлүп, 1914-1916-жылдары орус-тузем мектебин бүткөн.

“Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү”, “Накыл сөздөр”, “Өздөштүргөн сөздөр”, “Күлкү наама”, “Камус наама” сыяктуу бир нече илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер бир нече тилде сүйлөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG