Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Орусияда бийлик үч медиа каражатын "чет элдик агент" деп тапты


"Медиазонаны" коргогон митинг, 21-август, 2021-жыл
"Медиазонаны" коргогон митинг, 21-август, 2021-жыл

Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик тыңчылардын" реестрине 22 журналистти жана укук коргоочуну киргизди. Алардын арасында "Медиазонанын" башкы редактору Сергей Смирнов, негиздөөчүсү Петр Верзилов да бар.

"Зона права" укук коргоо долбоору да бийликтин "кара тизмесине" киргизилди. Смирнов орус бийлигинин чечимин "дискриминация" деп сыпаттады.

Орусиядагы күч органдарынын ишмердигине көз салган "ОВД-Инфо" долбоору "чет элдик агенттердин" катталбаган коомдук бирикмелеринин тизмесине алынды.

“Чет элдик агенттердин" тизмесине кирген жарандардын көбү "Голос" кыймылы менен кызматташкандар. “Голос" августта "кара тизмеге" киргизилген. Эми реестрге аймактык "Нижегороддогу немис жана европалык маданий борбор" менен "Гендердик иликтөөлөр" коомдук уюму да кошулду.

Юстиция министрлиги соңку чечими тууралуу эч кандай түшүндүрмө берген жок.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы ("Радио Свобода"), орус тилинде чыккан алты веб-сайтты, "Настоящее время" кызматын да бийликтин "кара тизмесине" киргизилген.

“Радио Свобода” “чет өлкөлүк тыңчы” деген макамды четке кагып, альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатканын билдирет.

Ушул тапта Орусиядагы “чет элдик тыңчылар” тизмесине 72 жаран жана бир катар уюмдар киргизилген. 2021-жылдын башынан тарта тизмеге 55 пункт кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG